БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жети айда үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу миңден ашык адам камакка алынган

Жети айда үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу миңден ашык адам камакка алынган

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстанда акыркы жети айда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8956 учур катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1622ге көп. 

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, зомбулук көргөн 8 миңдей адамга коргоо ордери берилген. Протоколдун негизинде 828 жаран коомдук ишке тартылып, 1 154ү камакка алынган.

Үй-бүлөлүк зомбулуктан былтыр 11 миң 357 адам жабыркаган. Анын 11 миңи аялдар. Бул жылдагы жабырлануучулардын саны азырыныча расмий айтыла элек.

Бишкек шаарында 5 536 жаран, ал эми Ош шаарында 516 адам үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей