БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Парламент эс алуу күндөрүн кыскарткан мыйзам долбоорун колдоп берди
Жогорку Кеңеш 18-декабрдагы жыйынында Эмгек кодексине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоп берди.
Ага ылайык, 23-февраль, 7-апрель жана 7-8-ноябрь майрам бойдон кала берет, бирок эс алуу күнү болбойт. Эгерде майрамдар ишемби, жекшембиге туш келсе башка күнгө жылдырылып дем алуу күнү болбойт. Январдын башында жаңы жылдык жана май айынын башында майрамдык эс алуу болот. Мындан сырткары эмгек келишимдерине өзгөртүү киргизүү каралган.
Мыйзам долбоорду Министрлер кабинети демилгелеп чыгып, 2004-жылы кабыл алынган кодекс азыркы шарт-жагдайга жооп бербей калганын белгилеген.
Автор: Осмонова Айдана > 791 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat