БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Парламент мамлекеттин үлүшү бар мейманканага казино ачууга уруксат берди
Парламент 30-октябрдагы жыйынында мамлекеттик, муниципалдык мейманканага казино ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун үч окууда карап, колдоп берди. Депуттар документти талкуулашкан жок.
"Оюн-зоок иши жөнүндө"мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеп, 18-октябрдан коомдук талкууга койгон. Анда оюн-зоок жайларын мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган имараттарда жана курулмаларда жайгаштырууга уруксат берүү каралган. Документте мамлекеттин үлүшү бар мейманкаларга оюн-зоок жайларын ачуу туристтердин агымын көбөйтүүгө гана эмес, ички жана эл аралык рыноктордо алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга да мүмкүндүк берери белгиленген.
Мыйзам долбоору өлкөгө инвестиция тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана республикалык бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү максатында иштелип чыккан.
Өкмөттүн маалыматтына ылайык, казинонун ишмердүүлүгүнө үч лицензия жана букмекердик кеңсеге төрт лицензия берилген. Жалпысынан кумар оюндарынын субъектилери казиного лицензия алуу үчүн - 210 миллион сом, букмекердик лицензия алуу үчүн - 42 миллион сом төлөшкөн. Ал эми былтыр оюн-зоок ишмердигинин субъекттеринен мамлекеттин казынасына 118,5 млн сом салык түшсө, ушул жылдын тогуз айында 208,7 млн сомду түзгөн.
Автор: Осмонова Айдана > 795 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat