БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Парламент уран казууга уруксат берди

Парламент уран казууга уруксат берди

Сүрөт: Политклиника

Жогорку Кеңештин 13-июндагы жыйынында Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алып берди. Документти Министрлер кабинети сунуштап жатат.

Добуш берүүдө 70 депутат "макул"болуп, сегизи "каршы"чыкты. Анын жыйынтыгын депутат Дастан Бекешев телеграм-каналына жарыялады. Анда Сеидбек Атамбаев, Тазабек Икрамов, Нуржигит Кадырбеков, Эльвира Сурабалдиева, Исхак Масалиев, Мирлан Самыйкожо каршы добуш берген. 

Бул мыйзам долбоорду парламент 29-майда биринчи окууда кабыл алып берген. Анда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев баяндама жасап,  депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, мыйзам долбоор уран жана торий эмес, башка кендерди алуу максатты көздөй тургандыгын айткан.

Мыйзам долбоорго ылайык, Кыргызстанда 2019-жылы кабыл алынган "Уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөөгө байланыштуу ишке тыюу салуу жөнүндө" мыйзамын күчүн жоготту деп табуу сунушталууда

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан. Мындай пикирин президент ушул жылдын февраль айында Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушууда билдирген. Жапаров кен иштеп баштаса аймакка да, республикалык казынага да ири киреше алып келерин белгилеген.

2019-жылы апрель айында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Алгач бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан "Кыргызстандагы ЮрАзия" компаниясынын лицензиясын токтоткон. Парламент уран, торий кендерин иштеткенге тыюу салган мыйзам долбоорду кабыл алган.

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей