БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ЖКда Ниязбековдун камактагы журналисттер боюнча айтканы сынга алынып, аларды үй камагына чыгаруу сунушталды

ЖКда Ниязбековдун камактагы журналисттер боюнча айтканы сынга алынып, аларды үй камагына чыгаруу сунушталды

Сүрөт: t-media

Жогорку Кеңештин 17-апрелдеги жалпы жыйынында массалык баш аламандык уюштурууга шектелип кармалган 11 журналист боюнча маселе көтөрүлдү. Депутат Исхак Масалиев ички иштер министри Улан Ниязбековдун маек берип, алардын иши боюнча баа бергенин сындап, башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылды.

"Ички иштер министри чыгып туруп "алар мындай кылды, тигиндей кылды" деп баа берип атат. Ошондой эле вице-премьер-министри чыгып "аларды профилактикалык иш үчүн кармап койсок эч нерсе болбойт" дейт. Башкы прокурор катары түшүндүрүп койсоңуз, алар антип сүйлөбөй турсун. Себеби жетекчи болуп туруп анын айткан сөздөрү тергөөгөчүгө буйрук болуп калат", - деди Масалиев.

Ал эми Зулушев министр Ниязбековдун маеги тууралуу кабары жок экенин айтып, аны окуп чыккан соң, ошого жараша реакция болорун айтты.

Депутат Жанарбек Акаев журналисттердин абакта жатышы өлкөгө эч кандай аброй алып келбей турганын айтты. 

"Кыргызстанда учурда алты журналист абакта жатат. Буга чейин президент менен журналисттердин диалогу башталганын кубаттайм. Андан кийин бир топ журналисттер бошотулду. Азыр дагы Айданбек Акматов, Олжобай Шакир, Актилек Капаров, 22 жаштагы Айке жана башка журналисттер жатат. Аларды үй камагына чыгарып эле тергесеңер. Журналисттердин абакта жатышы өлкө аброй алып келбейт",- деди Жанарбек Акаев.

11-апрелде ички иштер министри Улан Ниязбеков "Кабар" маалыматтык агенттигине маек берип, кармалган 11 журналистти "жалган маалыматтарды таратып жатат" деп айыптаган. Ал ошондой эле өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин белгилеген. 

 

Журналисттердин жапырт кармалышы

2024-жылдын 16-январынын таңында Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Темиров LIVE" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" долбоорлорунун, "Арча Медианын", "Алга медиа" каналынын жана "ПолитКлиника" басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган. Журналисттердин адвокаттары апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. Алардын арызы канааттандырылган эмес.

ИИМ "Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" баракчаларындагы жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренесинин үчүнчү бөлүгү "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" менен иш козголгонун билдирген.

9-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту журналисттер Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу жана Сайпидин Султаналиевди үй камагына чыгарган. Буга чейин "Темиров LIVE" редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына чыкса, медианын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев эч кайда чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулган. Ошондой эле долбоордун кызматкери Сапарбек Акунбеков жана мурдагы кызматкер Жумабек Турдалиев да тил кат менен чыккан.

Азырынча Temirov Live жана "Айт айт десе" долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, "Айт, айт десе" долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, "Алга Медианын" журналисти Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын журналисти Айке Бейшекеева камакта.

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей