БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жогорку Кеңеш "Чет элдик өкүл" мыйзам долбоорун кабыл алды

Жогорку Кеңеш "Чет элдик өкүл" мыйзам долбоорун кабыл алды

Сүрөт: Жогорку Кеңеш

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алды. Долбоорго 66 депутат "макул", беш депутат - Дастан Бекешев, Элвира Сурабалдиева, Чыңгыз Айдарбеков, Эмил Токтошев, Сеидбек Атамбаев "каршы" добуш берди. 

Мыйзам долбоор эми президентке кол коюу үчүн жөнөтүлөт.

Мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, 2022-жылдын ноябрында коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке кийин 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин бир нечечи баш тарткан.

Мыйзам долбоору чет өлкөдөн каржыланган жана Кыргызстанда саясий ишмердик менен алектенген жергиликтүү бейөкмөт уюмдар "чет элдик тыңчынын ишин аткаруучу" деп таанылат жана тиешелүү реестрге катталат. Каттоодон өтпөгөн уюмдардын ишмердиги алты айга чейин токтотулат.

"Адилет" укуктук клиникасы "чет өлкөлүк өкүл" мыйзам долбоорун талдап чыгып, анын 98% Орусиянын "чет элдик агенттер" тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган. Юристтер бул документ өлкөдөгү сөз эркиндигине, жарандык жана саясий укуктарды жайылтуу менен алектенген бейөкмөт уюмдардын ишине коркунуч жаратарын белгилешет.

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей