БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Жогорку Кеңеш ЖМКда жана интернетте жалаа жапкандарга айып салууну колдоп берди
Жогорку Кеңеш 19-декабрдагы жыйынында интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алып берди. 68 депутат колдоп, төртөө – Элдар Абакиров, Жанар Акаев, Сеидбек Атамбаев жана Дастан Бекешев "каршы" добуш берди. Тизмени Бекешев сотармактаг баракчасына жарялады.
Мыйзам долбоорго ылайык, эми интернетте бирөө-жарымды мазактап, жалаа жапканы үчүн жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык тараптарга 65 миң сом айып салынат. Документ президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Жыйыныда депутат Сүйүн Өмүрзаков баяндама жасап, мыйзам долбоор укуктук системанын алкагында адилеттүүлүкү камсыз кылуу, жалпыгоо маалымдоо каражаттары жана соцтармактарда мазактоону, кемсинтинүү азайтуу максатында иштелип чыккандыгын эске салды. Ага ылайык, жалган кабар тараткан жеке жактарга айып пул 20 миң сом, андай маалыматты чыгарган медиаларга айып 65 миң сом айып пул салынган. Буга чейин Министрлер кабинети жеке жактарды 100 миң сомго, юридикалык жактарды 200 миң сомго айыпка жыгууну сунуштаган эле.
Мыйзам долбооруна ылайык, аны аткаруу Ички иштер министрлигине жүктөлгөн. Мекеме түшкөн арыз боюнча протокол түзүп, сотко жиберет.
Буга чейин айрым эл өкүлдөрү сунушталып жаткан бул мыйзам долбоорун артка кайтарыуу керектигин, салына турган айып пулдун өлчөмү дагы деле кымбат экенин айтышкан.
Автор: Осмонова Айдана > 791 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat