БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынына туунун биринчи авторлору келишти

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынына туунун биринчи авторлору келишти

Жогорку Кеңеш 29.11.2023

Жогорку Кеңештин бүгүн, 29-ноябрындагы жыйынында туунун биринчи авторлору Жусуп Матаев, Эдил Айдарбеков жана Мырзабек Батырканов келишти. Алар парламетте туунун биринчи варианты азыркы сунушталып жаткан күндүн нурларындай болгонун айтышууда.

 

 

Жыйында депутат Максатбек Сарыбагышев туунун алгачкы авторлоруна “Туунун биринчи варианты ушундай болсо, эмнеге башында эле ушундай кылып жасаган эмесиздер” деп суроо салды. 

“Биринчи биздин желектин нурлары ушундай түз болчу. Биз азыр ошондо кайра эле туунун биринчи вариантына кайрылып келип жатабыз. Анан 350 депутаттын жана комиссянын чечими менен нурлар кыйшыйып калган. Азыр кайра ошол долбоорго кайрылып келдик. Мындан сырткары ошол убакта Кавказда согуш болуп жаткан. Ошондо алар айтып калышкан “Биздин кыргыздардын мүнөзү жумшак, түз кылбай анча-мынча ийрейтпейсиңерби” деген. Ошондон улам да нурлар кыйшыйып калган”-деп жооп берген туунун алгачкы авторлорунун бири Жусуп Матаев.

Матаев мындан сырткары дүйнөдө акыркы он жылда Жапон мамлекети тууну өзгөрткөн учур болгонун айтып, Кыргызстандын желегин өзгөрүүсүнө макул пикирин билдирди.

Учурда Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоор талкууланып жатат.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей