БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Медербек Сатыевдин талапкерлиги Жогорку соттун төрагалыгына сунушталды

Медербек Сатыевдин талапкерлиги Жогорку соттун төрагалыгына сунушталды

Сүрөт интернеттен алынды

Анын талапкерлигин Судьялар кеңеши сунуштап жатканын Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 22-октябрда жыйын өтүп, кеңештин мүчөлөрү бир добуштан колдогон. 

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы 9-октябрда маалым болгон. Парламент аны жумуштан бошотууну 10-октябрда колдоп берген. 11-октябрда президент Садыр Жапаров кызматтан алган. 

Медербек Сатыев 50 жашта. Эмгек жолун 1995-жылы Ош облустук сот департаменти бөлүмүнөн баштаган. 2020-жылы октябрь айында президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, бир жылдан кийин президенттик администрациянын жетекчисинин биринчи орун басары болгон. 

Сатыев 2013-жылы Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытовду актаган соттук коллегиянын мүчөсү болгон.

Мыйзамга ылайык, бул кызматка талапкерди Судьялар кеңеши сунуштап, Жогорку Кеңеш макулдук бергенден кийин президент беш жылдык мөөнөткө дайындайт. Төрага Жогорку соттун судьяларынын ичинен тандалат.

Автор: Осмонова Айдана > 661 статей