БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Жогорку соттун төрагасы мыйзамсыз иштеген судьяларды кызматын ташырууга чакырды
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев мыйзамсыз иштеген судьяларды кызматтан кетүүгө үндөп, мурдагы жат көрүнүштөрдү токтотууга чакырды. Ал мындай пикирин 3-декабрда Балыкчы шаардык сотунун кызматкерлери менен жолугушууда билдирген.
"Сот системасы мындан ары эл, мамлекет үчүн иштейт. Мындан башка талап болбойт. Силер эски нуктагы көз карашыңарды токтоткула. "Сотко келип байып кетем" деген ой болбосун. "Адилеттикти сактайбыз" дегендер иштегиле. Өзүңөргө алыңар жетпейби, колуңар туткак болсо, урук-тууган, бала-чакаңарды ызылдатпай арызыңарды жазып жумуштан кеткиле", - деген Медербек Сатыев.
Соңку учурларда бир нече судья пара алууга жана коррупцияга шек саналып кармалууда. Алардын айрымдары соттун чечими менен айып пул төлөөгө милдеттендирилип, камактан чыгарылса, кээ бирлери акталган.
Буга чейин 2023-жылы судьяларга каршы 760 арыз түшүп, 35 судья тартиптик жазага тартылганы, дагы сегиз судья ар кандай жагдайда кызматтан кеткени айтылган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда акыркы эки жылда сот системасына бөлүнгөн каражаттын көлөмү дээрлик үч эсеге көбөйгөнүн билдирген. Расмий маалымат боюнча, сот тармагына 2020-жылы 1,2 млрд сом берилсе, 2023-жылы 3,5 млрд сом бөлүнгөн.
Автор: Боромбаев Максат > 149 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat