БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Жол эрежесин бузган автоунааларды кабарлоо телефону ишке кирди
Кыргызстанда жол эрежесин бузгандарды кабарлоо үчүн күнү-түнү иштеген 0777 102-102 WhatsApp номуру ишке кирди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.
Мындар ары жарандар автоунааларды туура эмес жерлерге токтотуп койгон учурларды, жол тыгындарын, кырсыктарды, мас айдоочуларды жана башка жол эрежелерин бузуу фактыларын көрсө, жогорудагы номурга сүрөт жана видеого тартып жөнөтсө болот. Ал маалыматтарды кызматкерлер карап чыгып, тийиштүү чараларды көрөт. Ошондой элежыйынтыгын кайрылуу жөнөткөн жаранга кайра жөнөтүшөт.
"Бул көрүнүш жарандарыбызга тейлөө кызматын жакшыртып, эл менен милиция кызматкерлеринин тыгыз мамилесин арттырып, коомубузду тартипке салууга жакшы шарт түзөт", -дейт мекеме.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2023-жылы 7 миңге чукул жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болгон.
Автор: Осмонова Айдана > 808 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat