БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Жоокерлерди сабаган" деген шек менен аскер бөлүктүн үч кызматкери кармалды

"Жоокерлерди сабаган" деген шек менен аскер бөлүктүн үч кызматкери кармалды

Башкы прокуратура тараткан сүрөт

"Жоокерлерге зомбулук көрсөткөн" деген шек менен Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринин кызмат адамдары  кармалды. Башкы прокуратура аларга Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголгонун кабарлады. Зомбулук көрсөткөн аскер бөлүгүнүн үч жетекчиси камакка алынган.

Башкы көзөмөл орган камакка алынгандар кайсы аскер бөлүгүнүн кызматкерлери экенин ачыктаган эмес. 

Кыргызстанда жоокерлерди уруп-сабаган окуялар буга чейин да болгон.   Алардын айрымдары өлүм менен аяктаган да учурлар бар.

Буга чейин "Т-Медиа" армияда зомбулукка кабылган жоокерлердин окуяларын анализ кылган.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей