БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жоомарт Карабаевдин камактагы мөөнөтү дагы бир айга узарды

Жоомарт Карабаевдин камактагы мөөнөтү  дагы бир айга узарды

Жоомарт Карабаев

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин бөгөт чарасы 19-августта Биринчи май райондук сотунда каралды. Соттун чечими менен анын камактагы мөөнөтү 19-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу анын адвокаты Акынбек Ногойбаев билдирди.

Адвокаттын сөзүнө караганда, тергөө Жоомарт Карабаевдин "Фейсбуктагы" билдирүүлөрү үчүн кошумча комиссиялык соттук-лингвистикалык экспертиза дайындады.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Карабаевди 2-июлда суракка алган соң кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренеси менен айып коюлган.

Жоомарт Карабаев мурдараак Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жазарын айтып чыккан. Экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.

Ал "Фейсбукка" бийликти сындаган пикирлерин жазып жаткан. Анын айткандарына атайын кызмат жана башка бийлик органдары комментарий берген эмес.

Карабаев 1-июлдагы пикиринде жаратылыш кырсыктарына байланыштуу да пикирин бөлүшүп, Ноокаттагы селден жабыркагандарга жардамды өкмөттүн штабына тапшырбай, элге өз алдынча берүүгө чакырган.

Автор: Т-Медиа > 355 статей