БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Журналист Эрмек Аттокуров акча опузалоого шектелип кармалды

Журналист Эрмек Аттокуров акча опузалоого шектелип кармалды

Сүрөт: Эрмек Аттокуров соцбаракчасынан алдынды

Журналист Эрмек Аттокуров укук коргоо органдарынын кызматтык адамдарынан 1 миллион сом опузалап талап кылган деп шектелүүдө.

Чүй облустук милициясы 8-февралда Аттокуров талап кылган сумманын 100 миң сомун алып жатканда кармалганын кабарлады. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап талап кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө уланууда. 

Бир күн мурун Эрмек Аттокуров өзүнүн"Фейсбуктагы" баракчасына "жакынкы аралыкта Чүй облусунун жана Сокулук районунун милициясы тарабынан мага карата чагымчылдык же жалаа жабылышы мүмкүн. Чөнтөктөн же машинеден жашыл түстүү белгисиз заттарды "таап алышы" деле ыктымал. Азыр буларга толук "ишенип" калдым" деп жазган. 

Эрмек Аттокуров буга чейин НТС, жана "Бешинчи канал" телеканалдарында иштеген. Соңку бир жылдан бери социалдык баракчасы аркылуу милиция кызматкерлеринин ишин сындап келет.

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей