БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Журналисттердин иши: 8 журналист абакта калып, экөө үй камагына чыкты
12-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту "Массалык башаламандыктар" беренеси менен камакка алынган журналисттердин баш коргоо чарасын карады.
"Т-Медианын" кабарчысы жеринен билдиргендей, соттун чечими менен "Темиров LIVE" жана "Айт айт десе" долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызынын, "Нур пресс" медиасынын журналисти Жоодар Бузумовдун, "Арча Медианын" (мурдагы Next TV медиасы) журналисти Сайпидин Султаналиевдин, "Темиров LIVE" редакциясынын кызматкери Максат Тажыбек жана "Темиров LIVE" каналынын кызматкери Айке Бейшекеева, Азамат Ишенбеков, "Алга Медианын" журналисти Актилек Капаров менен "ПолитКлиника" медиасынын журналисти Тыныстан Асыпбековдун камактагы мөөнөтү дагы эки айга узарды.
Ал эми "Темиров LIVE" редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына чыкса, медианын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев эч кайда чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулду. Ошондой эле долбоордун кызматкери Сапарбек Акунбеков жана мурдагы кызматкер Жумабек Турдалиев да тил кат менен чыкты.
Буга чейин Бишкек шаардык соту аларды 13-мартка чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакта калтырган.
Журналисттердин жапырт кармалышы
16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Темиров LIVE" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" долбоорлорунун, "Арча Медианын", "Алга медиа" каналынын жана "ПолитКлиника" басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган. Журналисттердин адвокаттары апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. Алардын арызы канааттандырылган жок.
ИИМ "Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" баракчаларындагы жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренесинин үчүнчү бөлүгү "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" менен иш козголгонун билдирген.
Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.
Автор: Максат Боромбаев
Автор: Улукбек кызы Асем > 427 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat