БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жылуулук түтүктөрү сыналат. Ош мэриясы жарандарга эскертүү таратты

Жылуулук түтүктөрү сыналат. Ош мэриясы жарандарга эскертүү таратты

Иллюстративдик сүрөт.

Ош шаарында 28-29-сентябрь жана 5-6-октябрь күндөрү жылуулук энергиясын жеткирүүчү түтүктөр сыноодон өтөт. Бул тууралуу "Жылуулук камсыздоо" ишканасы билдирди.

Мындан улам мекеме Кулатов, Төлөйкөн, Анар, Курманжан-Датка, Достук, Черемушки кичи райондорунун, Туран, Көкүм-Бий, Авиагородок, МЖК-2 конуштарынын, Алимбеков, Ленин көчөлөрүнүн жана Жийделик №70 көп кабаттуу турак үйүнүн жашоочуларын  бул күндөрү батирлерин көзөмөлдөп, үйдө калуусу сунуштайт. 

"Жукарган түтүктөрдөн жана батирлердеги радиаторлордон суу чыгып кетүү авариялык жагдайды пайда кылышы мүмкүн. Ошондуктан жогоруда көрсөтүлгөн күндөрдү эске алып, мүмкүн болушунча үйүӊүздөрдө калууну, жумушуңуздар болсо, жакындарыңыздарга дайындап, батирлериңиздерди көзөмөлсүз калтырбоону суранабыз. "Жылуулук камсыздоо" ишканасы авариялык учурларга жооп бербейт",-деп айтылат маалыматта.
 

Жылуулук камсыздоо кызматы бул сыноолор шаардын кыш мезгилине даярдыгы үчүн маанилүү экенин кошумчалады. Мындвн тышкары байланыш телефондорун калтырды. ( +996551 111 371, +996777 113 371).

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей