БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Үзүр Жусупбеков Париж Олимпиадасына жолдомо утту

Үзүр Жусупбеков Париж Олимпиадасына жолдомо утту

Үзүр Жусупбеков

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Үзүр Жусупбеков Париж Олимпиадасына жолдомо утуп алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментти билдирди.

Үзүр Жусупбеков Олимпиадага жолдомо үчүн беттеште немис балбанын жеңип, аны менен бирге Кыргызстандын куржунуна онунчу лицензияны кошту.

Балбан алгачкы беттешинде болгариялык балбанды жеңип, кийин финляндиялыкка утулуп калган. Бирок атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу көңүл жубатуучу беттеш өткөргөнгө мүмкүнчүлүк алган. Анда биринчи беттешинде хорватиялык спортчуну мөөнөтүнөн мурда жеңип, кийин япониялык балбанды 8:0 эсебинде артта калтырган.

Буга чейин кыргызстандык спортчулар Олимп оюндарына 9 жолдомо уткан. Анын ичинен спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча 8 лицензия бар.

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей