БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Үзүр Жузупбеков чейрек финалга өттү

Үзүр Жузупбеков чейрек финалга өттү

Сүрөт интернеттен алынды

Бүгүн, 6-августта кыргызстандык балбан Үзүр Жузупбеков Париждеги Олимп оюндарында килемге чыгып, биринчи беттешинде жеңишке жетти. 

Ал 97 кг салмакта күрөшүп, литвалык балбан Миндаугас Венскайтисти 5:1 эсебинде жеңди. Эми чейрек финалда беттешет.

Буга чейин Акжол Махмудов АКШ балбаны Камал Амир Бейди жеңип, чейрек финалга жолдомо алган. 

Мындан сырткары бүгүн, Мээрим Жуманазарова алтын үчүн Жоломан Шаршенбеков коло медаль үчүн күрөшөт. 

Олимп оюндары Парижде 26-июлда башталган. Ага Кыргызстандан 16 спортчу кеткен. Буга чейин кыргыз спортчусу Эрлан Шеров дзюдо боюнча беттешке чыккан. Ал алгачкы атаандашын жеңип, 1/8 финалда испаниялык спортчуга жеңилип калган. Дзюдочу Кубаныбек Айбек уулу да украиналык атаандашына жеңилип, беттештен четтеди. 

Олимпиадага кеткен суучулдар да оюндарын жыйынтыктаган. Денис Петрашов эркектер арасында 100 жана 200 метрге брасс стилинде сүзүүгө чыккан. Ал 200 метрге брасс стилинде сүзүүдө жарым финалга чейин жетти. Дагы бир суучул Елизавета Печерских аялдар арасында 50 метрге эркин стилде сүзүүдө 79 спортчудан 30-орунду ээлеп, жарым финалга өтө алган жок. 

Бокс боюнча беттешке чыккан Мунарбек Сейитбек уулу эки атаандашын жеңип, жарым финалга өткөн. Ал 9-августта мелдешке чыгып, Кыргызстанга бул спорттун түрүнөн Олимпиадада алгачкы медалды утканы турат. 

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей