БАШКЫ БЕТ > Биз жөнүндө

Биз жөнүндө

Компания тууралуу маалымат

 

Компания «Т-МЕДИАГРУПП» (ОсОО «Жаш FM» ) — бул Кыргызстандын түштүгүндө тездик менен өнүгүп бара жаткан курамына ( TMG телеканалы, «Жаш ФМ» радиосу,  www.t-media.kg сайты, Таиржан Турсуналиев атындагы медиамектеп) кирген, сапаттуу, эки тараптуу, ишенимдүү маалымат булагы катары алдыңкы медиа катары түптөлө алды.

Биз көптөгөн медиа платформаларда кызыктуу жана инновациялык контентти түзүү менен аудиториябыз үчүн оң маанайды жаратабыз.

 

T-MEDIA GROUP  журналистика кесибинин талаптарын толук канааттандырууга умтулуп, жалпыга маалымдоо каражаттарынын сапатынын эл аралык стандарттарына жооп берген медиа материалдарды чыгарат жана жарыялайт.

«T-MEDIA GROUP» жалган, текшерилбеген маалыматтарга жол бербейт. Коомдо болуп жаткан окуяларды чагылдыроодо, фактыларды, маалымат булактарын ар тараптан текшерилет.

Маалыматтарды чогултууда жана берүүдө “T-MEDIA GROUP “тун кызматкерлери калыс принципти карманат. Биз түштүк регионунун  үч облусундагы аудиторияны камтууну максат кылып, кыргыз тилинде контент даярдайбыз.

 

Биздин ураан:  «Келечек кыялдан куралат»  –  «Мечты безграничны».

 

Биздин компания төмөнкүлөрдү баалайт:

– Көрүүчүлөрдүн ишеними;

– Объективдүүлүк;

– Команда;

– Инновация.

Биздин компания өз ишин 2018-жылы баштагандыгына карабастан, көзгө көрүнөрлүк ийгиликтерге жетишип, аудиториянын жана өнөктөштөрдүн ишенимине ээ болду.

 

2019-жылы Media Toptoo форумунда биздин компания өлкөдөгү эң тез өсүп жаткан беш медианын тизмесине кирди. Ошол эле форумда биздин журналистке “Талыкпай умтулуу” сыйлыгы тапшырылды. Муну менен биз бул сыйлыкта алган аймактагы ЖМК боло алдык.

2020-жылы дагы бир журналистибиз «У.Эгизбаев атындагы Журналисттик иликтөө фондунун», «коррупция боюнча журналисттик иликтөө материалы» үчүн атайын сыйлык алды.

 

2019-жылдын 15-февралынан тартып T-MEDIA GROUP компаниясы TMG бренди менен өзүнүн телеканалын ачты. Учурда канал Ош жана Жалал-Абад облустарында (жетүүгө кыйын аймактардан тышкары), ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Анжиян облусунда көрсөтүлүп жатат. Болжол менен камтуу 2 миллионго жакын адамды түзөт. Көрүүчүлөрдүн жашы – 18-65, максаттуу аудитория – 25-45.

 

Салттуу медиадан тышкары, биз социалдык тармактарда активдүү иштеп, материалдарыбызды  жигердүү жайылтуудабыз. Аймакта бизде гана интернет-аудитория үчүн контентти чыгарган өзүнчө санариптик чыгарылыш бар. Бул басылма өз ишмердүүлүгүнүн алкагында, веб-сайт үчүн мультимедиа продуктуларынан тышкары, социалдык тармак үчүн иштелип чыккан форматтагы продукцияларды да жаратат.

T-media.kg сайтыбыз 2018-жылы негизделген. Кеңейтилген материалдарды, жаңылыктарды, фактчектерди жана башка тексттик жана видео материалдар менен кошо жайгаштырабыз. Учурда биздин сайтка күнүнө орто эсеп менен 4 миңден 16 миңге чейин колдонуучу кирет.

 

Телеканал өзүнүн жеке мазмунун төмөнкү форматта даярдайт:

  • Күнүмдүк жаңылыктар (күнүнө 4 жолу);
  • Социалдык жана аналитикалык программалар;
  • Ток-шоу;
  • Түз берүүлөр;
  • Журналисттик иликтөөлөр;
  • Бизнес программалар