t-media.kg
Бир даана дарак айланага кандай таасир тийгизет?
Экология жана техникалык көзөмөл кызматы бак-дарактарды мыйзамсыз түрдө кыюу боюнча Ош шаарында өткөн жылы 30дан ашык фактты аныктаган. Аларга жалпысынан 2 миллион сомдон ашуун айып пул салынды. Демейде айып пулу салынганы менен, кылмыш жасагандар токтобой жатат. T-Media редакциясы дарактарды эмне себептен кыйбоо керек экендин, бир дарактын айланага кандай пайдасы бар экенин топтоштурду.
Дарактар абаны тазалайт
Дарактар чаң соргуч сыяктуу булганган абаны өздөрүнө соруп алып, тазалап, көмүр кычкыл газын кычкылтекке айландырат. Чоң шаарларда бак-дарактар адамзатты ашыкча чаңдан жана машиналардан чыккан газдан коргойт.
Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшөт
Дени сак жана күчтүү дарактар көмүртекти (CO2) өзүндө сактаган кампа катары кызмат кылат. Көмүртек сактоо менен алардын климаттын өзгөрүшүн ооздуктоого жардамы чоң.
Жаныбарлар үйү
Бак-дарактар - канаттуулар, курт-кумурскалар, сүт эмүүчүлөрдүн, амфибиялардын, кемирүүчүлөрдүн үйү. Мисалы, бир эле түбүндө көп түрдүү жаныбарлар жашашы мүмкүн. Жада калса адамдар да үй курууда даракты колдонот.
Топуракты сактайт
Дарактардын алдына түшүп, чириген жалбырактар органикалык заттар менен топуракты байытат. Анын тамырлары топурактын түзүлүшүн жакшыртат жана сапатынын бузулушун алдын алат. Нымдуулуктун сакталышын да камсыз кылат. Дарактар топурактын пайдалуу заттарын өзүнө алып, жалбырактары түшкөндө кайра топуракка кайтарат. Ошондой эле анын шордуулугун азайтууга жардам берет.
Сууну жөнгө салат
Дарактар суу балансын көзөмөлдөөгө, суу ташкындарынын алдын алууга жана айлана-чөйрөнү гидраттуу кармоого да көмөкчү.
Кооздук тартуулайт
Бак-дарактар айлана-чөйрөгө көрк кошуп, көлөкө тартуулап, оюн-зоок жана эс алуу үчүн ыңгайлуу жерлерди камсыздайт.
Салкындыкты кармайт
Бак-дарактар көлөкө менен камсыз кылып, шаарларды салкын кылат. Өзгөчө ысык мезгилде.
Ден соолукка пайдасы
Дарактардын жанында болуу адамдарга өзүн жакшы сезүүгө жардам берет. Стрессти азайтат жана психикалык ден соолукту жакшыртат.
Кыскача айтканда, бир дарак айлана-чөйрөгө, жаныбарларга жана адамдарга көптөгөн маанилүү жолдор менен жардам берет. Бирок бүгүнкү күндө абал жакшы эмес. Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык бөлүмү өткөн жылда мыйзамсыз түрдө бактарды кыюу боюнча 30дан ашык фактты аныктаган. Аларга жалпысынан 2 миллион сомдон ашуун айып пул салынган.
Кыргызстанда кыйылган дарак үчүн анын көлөмүнө, диаметрине, жайгашкан ордуна карап, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 279-беренесине ылайык, «Бак-дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу» боюнча 60-120 миң сомго чейин айып пул каралган.
Башка өлкөлөрдө даракты өз билемдик менен кыйгандар кантип жазаланат?
АКШ
Калифорниялык жубайлар Питер менен Тони Томпсон 2019-жылдын май айында менчигиндеги 180 жылдык эмен дарагын башка жерге көчүрүшкөн, натыйжада тамырлары кургап, дарак жашап кете алган эмес. Ал үчүн 586 миң доллар (52 341 520 сом) айып салынган. Дарактын ордуна алар үй курмак болушкан. Кийин Томпсондор 8,45 миллион долларга жалпы мүлкүн сатууну чечишкен.
Франция
Францияда бак-дарактарды кыйгандар үч кодекс (Шаар куруу, токой чарбасы жана экологиялык) менен жазаланат. Эң аз айып 1200 еврону (117 402 сом) түзөт. Шаар куруу кодексине ылайык, имарат курууда бак-дарактарды кыйган учурда мыйзам бузуучулар курулуш ээлеген аянттын ар бир чарчы метри үчүн 6000 евро (587 011 сом) төлөшү керек. Кайра кайталанган кылмыш үчүн айып пулдан тышкары алты айга чейин эркинен ажыратуу жазасы да белгилениши мүмкүн.
Германия
Бул өлкөдө дарак кыйгандарга 50-100 миң еврого (4-8 млн сом) чейин айып пул каралган. Даракты мыйзамдуу жол менен кыюу бюрократиялык жол-жоболорду сактоону талап кылат. Аны бузгандар 50 миң евро (4 890 939 сом) төлөйт. Жаратылышты коргоо мыйзамы марттан октябрга чейин айрыкча, канаттуулар уя салган же жаныбарлар жашаган дарактар үчүн бактарды кыюуга өзгөчө тыюу салат.
8-январда Оштогу "Царский Двор" кафесинин жетекчилигине көп жылдык бака теректи аз башымчалык менен кыйгандыгы үчүн 37 миң 600 сом айып пул салынды. Ал эми айрым соцтармак колдонуучулары бир дана дарак үчүн ишкерликти токтотуу туура эместигин айтышса, кээ бирлери салынган айып чоң даракты жок кылгандар үчүн "жеңил жаза" дешүүдө.