БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

100 жылдык дарактын кыйылуусу коомчулуктун нааразычылыгын жаратты

100 жылдык дарактын кыйылуусу коомчулуктун нааразычылыгын жаратты

Сүрөт: "Т-Медиа"

Ош шаарындагы белгилүү "Царский Двор" кафеси көп жылдык даракты уруксаты жок кесип салганы аныкталды. Мэрия коомдук тамактануучу жай менен келишимди үзүп, имаратты үч күндүн ичинде бузуу боюнча эскертүү берди. 

Эмне болгон эле?

8-январда Ош шаарынын борбордук көчөсүндөгү Ленин №324 б/2 дарегинде жайгашкан "Царский Двор" кафесинин алдындагы көп жылдык дарактын дээрлик түбүнөн кыйылган сүрөт-видеолору социалдык тармактарга тараган. Интернет колдонуучулар бул көрүнүштү катуу сынга алышкан. 

Жергиликтүү бийлик кандай чара көрдү?

Экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын билдиришинче, буга чейин кафенин жетекчилигине 15 дарактын жолго кооптуулук жараткан бутактарын кесүүгө уруксат берилген. Бирок алар бир даракты жерден эки метр бийиктиктен уруксаты жок кесип салган. Бул үчүн кафеге 37 миң 600 сом айыппул салынган. Бирок калаа тургундары бул сумма чоң даракты жок кылгандар үчүн "жеңил жаза" дешүүдө. 

Дарак кыюуга байланыштуу Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы "Царский двор" кафеси менен келишимди токтотконун билдирди. Мекеменин жетекчиси Канышай Имарованын айтымында, тамактануучу жайдын жетекчилигине үч күндүн ичинде имаратты бузуу боюнча эскертме берилди. 

"Келишим жыл сайын узартылып келген. 8-январдан мен келишимди узартышым керек эле. Кечеки кырдаалдан кийин келишимди токтотобуз. Ошондой эле кафени бузуу боюнча үч күндүк мөнөөткө эскертүү берилди". 

Башкармалыктын маалыматына ылайык, "Царский двор" кафеси шаар казынасына жылына 1 миллион 750 миң сом ижара акы төлөп келген.

"Царский двор" буга чейин дагы бир даракты кыйган

Ош шаарынын тургуну, жарандык активист Гүлгаакы Мамасалиева жашылдандырууга жыл сайын көп акча бөлүнөөрүн, көчөт тиккен соң аларды көзөмөлдөө зарылдыгын белгиледи. Ал калаа жашыл аймак болуп турушу керек дейт. Мамасалиева калаадагы кир абаны мисал келтирип, дарактарды кыюу жараяны таптакыр туура эместигин айтты. Анын негизинде бир канча кызматтардын жоопкерчилигин кароо керектигин сунуштоодо. 

"Бул кафе ал жерди мэриядан ижарага алган. Жанында парк бар. Ошондо бул кафе парктын уландысы болуп эсептелинет. Алар ижарага алып жатып мэрия менен келишим түзөт да. Анда "ошол жашыл зонанын дарактарын сактайм" деген милдеттемеси бар. Бирок мен келишимди көргөн жокмун. Айыппул деле болбогон нерсе. Анткени бул даракты 100 жыл өстүрөсүң. Бул дагы көчөнүн боюнда болгону үчүн коомчулук көрүп билип калды. Азыр карасак кафенин артында дагы бир дарак кыйылган экен. Ал качан жок болгон эч ким билбейт", -деген ал.

Көп жылдык бак-дарактардын жок болушу же азайышы абанын булганышына, күндүн ысышы сыяктуу көптөгөн көйгөлөргө алып келерин эколог Абжапар Аккулов да белгиледи. Ал калктуу конуштарда 6-8 чарчы метр жашыл аймак бир жашоочуга туура келет деп бекитилген норма сакталбайт деген ойду айтты. 

"Аталган жердеги дарактын кыйылышы боюнча жөнөкөй эле шаар туругундары, жарандык активистер интернет айдыңдарына бөлүшүп, кайдыгер карабаганыны аябай сүйүндүрөт. Эгерде ар бир жаран бизди курчап турган чөйрөгө мамилебизди ушинтип билгизип турсак жакшы болмок. Шаарларда дарактардын саны канча аз болсо, ал шаардын экологиясы начар болот".

Акуллов мындан сырткары Ошто негизи эле дарактар туура эмес, туш келди жеринен буталарын белгилейт. Мындан улам туура эмес өсүп, жыйынтыгында аны бутаганы туура келет. 

"Негизи шаарда буга чейин дагы көчө бөюндагы көлөмдүү дарактарды кыйып, кесип же жок кылып, алардын ордуна тамактануучу жай, дүкөн жана май куючу бекеттерди курган учурлар болгон, болуп келүүдө. Ал эми аталган кафенин жанындагы кыйылган дарактар бери дегенде 60-70 жыл мурун тигилген деп айтсак болот. Ошто негизи эле дарактар туура эмес туш келди жеринен буталгандыктан туура эмес өсүп, жыйынтыгында ийилип жерге ооп калат", -дейт эколог Абжапар Аккулов.

Экологдор соңку жылдары Ош шаарында бак-дарактар азайып, анын ордун көп кабаттуу үйлөр, дүкөн, тамактануучу жайлар ээлеп калганын айтып келет. Мэрия аларды жолдорду кеңейтүү жана санитардык тазалоо максатында кыйылып жатканын айтса, жарандык активисттер бул иш туура эмес жүргүзүлүп жатканын белгилеп келет.  

Окумуштуулардын соңку изилдөөлөрүнө караганда, бак-дарактардын санын көбөйтүү абада көмүр кычкыл газынын топтолушун токтотуу менен глобалдык абанын ысышынан сактап калат.

Автор: Улукбек кызы Асем > 284 статей