БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Царский двор" кафесинин жетекчилигине бузуу боюнча эскертүү берилди

"Царский двор" кафесинин жетекчилигине бузуу боюнча эскертүү берилди

Сүрөт: "Т-Медиа"/ Асем Улукбек кызы

Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы "Царский двор" кафеси менен келишимди токтотуп, жетекчилигине бузуу боюнча эскертүү берди. Буга кафенин эки тараптуу келишимдин талаптарын бузганы себеп болгонун мекеменин жетекчиси Канышай Имарова 9-январда "Т-Медиага" билдирди. 

Анын айтымында, кафе менен келишим жыл сайын жаңыланып турат. Келишим 2023-жылы аяктап, ошол боюнча узартылган эмес. 

"Келишим жыл сайын узартылып келген. 8-январдан мен келишимди узартышым керек эле. Кечеки кырдаалдан кийин келишимди токтотобуз. Ошондой эле кафени бузуу боюнча үч күндүк мөнөөткө эскертүү берилди".

Имарова кошумчалагандай, "Царский двор" кафеси шаар казынасына жылына 1 миллион 750 миң сом ижара акы төлөп келген. 

Кечээ, 8-январда "Царский двор" кафесинин алдындагы дарактын кыйылганы боюнча маалымат чыгып, социалдык тармактарда сынга кабылган. Андан кийин Экотехкөзөмөл кызматы кафенин жетекчилигине 15 дарактын кооптуу бутактарын бутоого гана уруксат берилгенин, бирок бир дарак түбүнөн кыйылып кеткенин маалымдаган. Бул үчүн кафеге 37 миң 600 сом айыппул салынган.

Кафенин жетекчилиги окуя боюнча комментарий бере элек.

Автор: Осмонова Айдана > 364 статей