Чек арасыз демилгелер
Чек ара сызыгы эки мамлекетти бөлүп турушу мүмкүн, бирок эки элди эмес. Муну Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагында кошуна жашаган тургундар далилдеп келет.
Соңку жылдары ал жакта абал чыңалуу бойдон сакталганы менен тынчтык, достукту бекемдөөчү мыкты демилгелер да ишке ашууда. Баткен десе эле чек арадагы кезектеги жаңжал көз алдыңызга тартылса, анда бул баян сиз үчүн. Кыргыз-тажикти бирдей ыйлаткан антташкан достор баяны; тажик жигитти баккан кыргыз үй-бүлөсү; жанаша отуруп, билим дүйнөсүнө сүңгүгөн окуучулар. Эмесе, бир четинен баштайлы.
Кыргызды да, тажикти да ыйлаткан "Достор" спектакли
Он жылга созулган ооган согушу. Кан майданда таанышып, түбөлүк достук үчүн шерттешкен эки дос - бири кыргыз, экинчиси тажик. Буларды согуш табыштырганы менен, ошол эле "согуш" кайра ажыратты. Досторду ажыраткан "тынч замандын тымызын согушу" - отуз жылдан бери уланып келе жаткан чек ара чатактары болуп калды. Бирок достук, сүйүү чек араны билбейт эмеспи, ушул эки нерсе баары бир жеңишке жетти - антташкан достор кайрадан кучакташты, уул-кызын үйлөндүрүп, түбөлүк кудалардан болушту. Бул Баткен драма театры койгон "Достор" спектаклинин сюжети. Муну чек аранын ары жагындагы да, бери жагындагы да аудитория өтө жакшы кабыл алып, талылуу темага арналган эң мыкты чыгарма болуп калды.
"Достор" спектаклинин автору - КРнын Эл артисти Табылды Актан. Койгон режиссеру - КРнын Эл артисти Замир Сооронов. Баткен музыкалык-драма театрынын артисттери ойноп, спектакль 2019-жылдын аягында көрсөтүлгөн. Иш чарага Кыргызстандагы жана Тажикстандагы ооган согушунун ардагерлери да чакырылган эле. Залда отургандар каармандар менен кошо ыйлап, кошо күлүп, аябай таасирленишкен. Ыйлабаганда анан...Чек арадагы жаңжалдар, карым-катнаштагы тоскоолдуктар алардын ар биринин жүрөгүн ооруткан назик маселе экени бештен белгилүү эмеспи.
Спектаклдин аягы той менен бүтөт. Ушул жерде сценарийде жок окуя орун алды.
Залда отургандар да сахнага чыгып, актёрлерго аралашып бийлеп киришкен.
Чек арадагы тынч жашоону камсыз кылууда мамлекеттер аралык келишимдер, макулдашуулар гана эмес, медиа, театр, маданият да өзгөчө мааниде турат. Баарынан мурда эки элди жакындатууга, бири-бирин туура түшүнүшүнө аянт түзүү зарыл деп эсептейм. Мына ошол аркылуу гана биз элдин тынчтыгын камсыз кылабыз. Элдин арасында накта элдик иштерди алып бармайынча, куру сөз менен биз эч кандай ийгиликке жете албайбыз. Элдердин достугун ар бир үй-бүлөдөн, ар бир адамдын жүрөгүнөн башташ керек.
Адылбек Батыров


жергиликтүү журналист, эки элдин достугуна арналган бир катар демилгелердин автору
Спектакль коюлары менен тажик тарап журналист Адылбек Батыровго байланышка чыгып, чыгарманы эки өлкөнүн актёрлорунун катышуусунда кайрадан иштеп чыгып, Кыргызстанда жана Тажикстанда коюу сунуштарын билдиришти. Бул идея пандемиядан улам азырынча ишке ашпай турат. Кайрадан жай турмуш агымы келсе, спектакль сөзсүз түрдө экинчи өмүрүн алат.

Адылбек Батыров журналист катары спектаклди тасмага алуу, аны кеңири аудиторияга жайылтуу жагын өз жоопкерчилигине алган. Чыгарманын таасирдүү жерлеринен кыска видеолорду жасап, соцтармакка жайылтууну көздөп жатат.

Мекен чегиндеги жаштардын куралы - билим
Эксперттердин пикиринде, чек аралар такталган күндө да кыргыз жана тажик тараптын ортосундагы чыңалуу дароо жок болуп кетпейт. Бул үчүн чек аралык кызматташтыктын натыйжалуу, узак мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу талап. Көйгөй биринчи кезекте саясий эмес, социалдык-экономикалык өңүттөн чечилиши зарыл. Эң негизгиси мекен чегинде жашаган эки элдин кызыкчылыктары биринчи орунда болушу керек. Заманбап жаштар маселенин ушул жагын жакшы түшүнөт жана алар ар кандай чыр-чатактардын алдын алууда билим, агартуу, коммуникация башкы курал болушун жакташат.
  • Жайлообек Жакшылыков


    "Чек аралаш жаштардын тармагы" коомдук бирикмесин түптөгөн. Уюм чек арага жакын аймактагы элдин медиасабаттулугун жогорулатуу, бири-бирин таанып билүү аркылуу стереотиптерге чекит коюу жаатында бир нече долбоорлорду ишке ашырган.
  • Эрболот Шадиев


    Көк-Таш айылында мугалим. Ал Кыргызстан менен Тажикстандын окуучулары ортосунда ынтымакты бекемдөө үчүн ишке ашырылган кыска окуу курстарын, спорттук беттештерди уюштургандардын бири.
Эрболот Шадиев Баткендин Көк-Таш айылындагы Шайдулла Ганы атындагы орто мектебинде тарых мугалими болуп иштечү. Азыр ал миграция агымы менен убактылуу четте жүрөт. Педагог чек ара көйгөйлөрүн чечүүдө окуучуларды агартуу, аларга эки элдин ортосундагы тынчтыктын, коммуникациянын маанилүү экени жөнүндө маалымат жеткирүү керек деп эсептейт. Эрболоттун жардамы менен чек аралаш айылдагы эки тараптын окуучуларына орус тили, тигүүчүлүк, футбол боюнча кыска окутуу курстары, спорттук беттештер уюштурулган.
Чек ара көйгөйлөрүн чечүүдө мамлекеттин эле кадамдарын карап отурбай, ар тараптуу иштер аткарылса, натыйжа болот деп ишенем. Негизги багыттардын бири - жаш муунга улут аралык мамиле, кошуначылыктын мыкты үлгүсү, чатактардын кесепеттери жөнүндө туура маалыматты жеткирүү. Ошол эле учурда кыргыз жана тажик жаштары окуучу кезден эле ар кандай максаттагы жалпы аянттарга чогулуп, бири-бирин тааныса, натыйжа күтсө болот. Биздин окуу курстарыбыз, спорттук багыттагы иш чараларыбыз ушул максатты көздөгөн. Мындан сырткары биздин аянтчалар аркылуу кыргыз жана тажик жаштары мессенджерлерде тайпаларды түзүп, маалымат алмашууну жөнгө койду. Натыйжасында чек арадан өтүп кеткен мал жандыктарын табуу бир топ оңойлоду.
Эрболот Шадиев
Орус тили боюнча курска жалпысынан 60 окуучу тартылган. Тажикстандагы тайпада 15 тажик, 15 кыргыз бала окуса, Кыргызстандагы тайпада да окуучулар ушундай катышта тандалган. Мындан сырткары кыздар үчүн тигүүчүлүк, балдар үчүн футбол боюнча окутуулар уюштурулду.
Жайлообек Жакшылыков баштаган "Чек аралаш жаштардын тармагы" уюму да жаш муунга басым жасап, агартуу жаатындагы бир нече долбоорлорду ишке ашырган. Чек ара айылдарындагы мугалимдер медиасабаттуулук боюнча окутулду. Анткени адатта чек ара чатактары такталбаган маалыматтардан улам чыгып кетиши мүмкүн же туура эмес билдирүүлөр чыңалууну күчөтүшү ыктымал. Андыктан мугалимдер медиакеректөөнүн заманбап талаптарын үйрөнүп, аны окуучуларына жайылтышы өтө маанилүү.
Коомдук бирикме ишке ашырган натыйжалуу долбоорлордун акыркысы - "Менин жаңы үй-бүлөм" реалити-шоусу. Мында кыргыз жигит Тажикстандагы үй-бүлө менен, ал эми тажик жигит Кыргызстандагы үй-бүлө менен он беш күн чогуу жашап, каармандар кошуна өлкөнү, андагы адамдардын чыныгы жашоосун, каада-салтын ичтен тааный алды. Бул демилге тууралуу биз өзүнчө лонгрид даярдаганбыз. Аны менен таанышуу үчүн бул жакка басыңыз.
"Менин жаңы үй-бүлөм" реалити-шоусу
Калган серияларын Youth NET ютуб-каналынан көрө аласыз
Достук үрөөнүн сепкен гезит
Баткендик журналист, эл достугуна көпүрө болуп жүргөн Адылбек Батыровдун демилгеси менен жарык көргөн "Достук-Дустй-Дружба" гезити - накта элдик демилгелердин жаркын мисалы. Үч тилде жарык көргөн басылманын максаты - кыргыз-тажик достугун бекемдөөгө, чек арадагы чатактардын алдын алуу жана актуалдуу маселелер боюнча калкка туура маалымат жеткирүү. Үч жыл бою үзгүлтүксүз чыгарылып келген гезит Кыргызстандын Баткен, Тажикстандын Согди облустарынын чек ара аймактарындагы тургундарына акысыз таркатылчу.
Интернет, соцтармактардын өнүгүшү менен мурда тек чек ара айылдарында болуп келген чыр-чатактар жаңы баскычка чыкты. Эми дезинформация, фактыларды бурмалоо менен эки тараптуу келишпестик интернетте да орун алууда. Айрым эл бузарлар туура эмес маалымат таратууга өттү. Ушундан улам достукка данакер гезитти чыгаруу идеясы пайда болгон. Сунушубузду өзүбүздүн да, кошуна өлкөнүн да жергиликтүү бийлиги колдоого алып, уруксат алдык. Долбоорго БУУнун Өнүктүрүү программасы, ЕККУ колдоо көрсөтүп, тиражы 10 миңге чейин жеткен түстүү гезит аркылуу чек ара аймактарына маалымат таратып жаттык.
Адылбек Батыров
журналист
"Достук" гезити азыр каржылык колдоонун жоктугунан улам чыкпай калды. Адылбек Батыров бул убактылуу экендигине ишеним артат . Өлкөдө саясий абал турукташса, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тынчтыкты куруудагы медианын ордун туура бамдап, басылманы кайрадан жандантууга көңүл бурат деп үмүттөнөт.
Гезит 16 беттен түстүү болуп, 5 миң, кээде 10 миң тираж менен басылат. Контент саясаттан тышкары даярдалып, маданият, салт-санаа, карым-катнашка басым коюлчу. Мындан сырткары суроо-жооп рубрикасында чек арага байланышуу актуалдуу маселелер боюнча түшүндүрмөлөргө орун берилет.

Чек ара - бул эки мамлекеттин ортосунда так кесе орнотулган сызык эмес. Бул биринчи кезекте эзелтен эриш-аркак күн кечирип, жашоо турмушу бири-бирине бекем байланган эл. Андыктан көйгөйдү чечүү жогорку тепкичтеги сүйлөшүүлөр менен гана чектелбей, мекен чегинде тирүү чеп болуп турган элдин социалдык-экономикалык муктаждыктарын канааттандыруу, ал жактагы келечек муунга сапаттуу билим берүү, жергиликтүү деңгээлде маданиятка, медиага басым жасоого да көңүл бурулушу шарт. Албетте, Адылбек Батыров, Эрболот Шадиев, Жайлообек Жакшылыков сыяктуу тынчтыкты куруучулардын салымы чоң. Бирок алар ар дайым колдоого муктаж. Адатта чек ара чатактарынын алдын алууга, эки элдин достугун бекемдөөгө багытталган мыкты демилгелерди эл аралык уюмдар колдоого алат. Эгер бул колдоо мамлекет тарабынан такай жана ыраттуу алып барылса, натыйжалуу болору шексиз. Чек ара жаңжалдарынын кесепеттерин жойгонго караганда алдын алууга ресурсту жумшоо дайыма пайдалуу.
Материалды даярдаган:
Жылдыз Орозматова