ОШТО МАССАЛЫК дарак



БАС
кыйылышы МҮМКҮН
"Бир дарак кыйсак, экөөнү отургузабыз"
Ош шаарында ооруга чалдыккан дарактарды кыйып, ордуна жаш көчөт отургузуу демилгеленип жатат. Ал үчүн азыр көчө боюндагы бактар кыюуга канчалык муктаж экени атайын лабораторияда текшерилүүдө. Мындай зарылдык эмнеден улам жаралды? Эми калаага кандай көчөттөрдү тигүү керек жана кайсы бирин отургузуу пландалууда?

Бул демилге ортого салынып, 14-мартта атайын коомдук угуу да өткөн. Сунуш кабыл алынса, калаадагы негизги көчөлөрдүн биринде 500 түп дарак кыйылышы мүмкүн. Тагыраагы, Курманжан-Датка көчөсүнүн Навои көчөсүнөн Абдыкадыров көчөсүнө чейинки аралыгындагы дарактар жаңыланат. Бул биринчи гана этап. Мэрия азырынча бир түп дарак кыйылса, ордуна эки түп көчөт отургузабыз деп убадалап жатат.
"Илимдер академиясына кайрылганбыз. Азыр ар бир дарак текшерилип жатат. Биринчи этапта 600гө жакын дарак лабораториядан текшерилет. Алар ар бир дарактан анализ алып, канчалык деңгээлде кычкылтек бөлүп жатат, канчалык оорулуу экенин аныктап берет"- дейт вице мэр Сонунбек Жунусбаев.
Дарактар эмнеге ооруга чалдыгат?
Экологдор мындай муктаждык убагында бактар туура эмес каралганынан жаралган дейт. Арасында "рак" оорусуна чалдыгып калгандары бар. Мындай дарак башка, соо бакты да жабыркатып, зыянкечтерди таркатат. Антип отуруп оорулуу дарактардын санынын өсүшүн шарттаган. Адистер муну болтурбоо үчүн дарактар убагында дарыланып, жакшы көзөмөлдөнүшү керек эле деген пикирде турушат.
"90-жылдары "дарактарды бирдей формага келтиребиз" деп, негизги көчөдөгүлөрдү токолдоп, 3/2 бөлүгүн алып салган. Дарак топурактан алган азыкты бүчүр бутагына чейин чыгарып зат айланууну ишке ашырышы керек эле. Ал мүмкүн болбой калды. Азыр алар рак менен ооруп калган. Майыпка айланып калса дагы тирүү организм катары жашоо үчүн күрөшүп жатат. Оорулуу дарактар ооруну таркатуучу дагы болуп эсептелет. Аны жеп бүткөн курт-кумурска саламаттыгы чың турган даракка да жармашат. Биз зыянкеч курт-кумурскаларды да таркатуучу болуп калганыбызды түшүнүшүбүз керек. Бизде дарылоо жок. Жашылдандыруу ишканасында андай иш аткарылган эмес. Дарактарды санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы менен биргелешип дарылап туруу зарыл. Зыянкечтер тукумдаган мезгилде алдын алып дарылап койсо, аларды көбөйтпөгөнгө жетишсе болот. Авариялык дарактарды алгандан башка чара жок"
Абдижапар Аккулов
эколог
Айрымдар болсо жергиликтүү бийлик жаңы бак отургузуп, бирок шарт түзбөсө кайра эле ушул абалга кептелет деген ойдо.
"Жаңы дарак отургузса деле маселе кайталана берет. Троллейбустардын зымдарын жер алды менен алып өтүү керек. Экинчиден, сөзсүз зыянкечтерден дарылаш керек. Ал үчүн 30 литр көтөргөн дрондор бар. Ошолорду колдонуп дарыласа болмок" - дейт Ош шаарынын тургуну Дастан Наватов.
Шаарда бактардын жакшы каралышы эмне үчүн маанилүү?

Калаада бак-дарактын, негизи эле жашыл аймактын болушу жарандардын ден-соолугу үчүн маанилүү. Шаарда кыймыл, унаа көп, өндүрүш иштеп жатат. Алардан бөлүнгөн көмүр кычкыл газын дарактар өзүнө сиңирип алып, абанын тазарышын шарттайт. Мындан улам жашыл аймак кыскарбай, тескерисинче көбөйүшү керек эле. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) шаарда бир адамга 50 м² жашыл аймак туура келгени ден соолук үчүн нормалдуу деп билдирген. Бирок Ош бул нормага жете элек.

Былтыр бекитилген Ош шаарынын борбордук көчөлөрүнүн деталдык планында калаанын жол жана көчөлөрүндө жалпы пайдалануудагы жашыл аймак 145,92 гектарды түзөт деп көрсөтүлгөн. Адам башына эсептегенде 2,6 м².

Ал эми жашылдандыруу мекемесинин карамагындагы, шаардын борбордук көчөлөрүндө 30 миңдей дарак бар.
САНЫ
Шаар нормага ылайык жашылдана элегинде мынтип дарактарды кыюуга муктаждык жаралган. Азырынча жалпы канча даракты кыюу керектиги белгисиз болгону менен экологдор жол боюндагы бактардын 90%ы оорулуу деген пикирин билдирип жатышат.
Шаарда дарактар каралбайбы?

Быйыл Ош мэриясына караштуу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы калаадагы бак-дарактарды массалык дарылоону пландап жатат. Алар шаарда буга чейин деле дарактарга ар кандай ооруларга, зыянкечтерге каршы дары себилип келгенин, бирок баарын бирдей көзөмөлдөөгө мүмкүн болбогонун билдирди.
"Жазында 15-апрелдин кийин +13 градус температура көтөрүлүп, вегетация башталып, курт-кумурскалар кыймылдап баштаганда конфидор, моспилан, БИ-58, нурелл, вертимос өңдүү дарыларды курттарга каршы беребиз. Булар дарактардын абалына карап берилет. Массалык барына каражат жетишпейт. Оорулууларга майдын аягынан баштап скор, топаз, косайд, медный купроз дарылары берилет", - деп маалымдады мекеме.
Кыйылган дарактын ордуна кандайы отургузулат?

Калаа бийлиги кыйылган дарактардын ордуна клён жана акация түрүн отургузууну пландаган. Бул боюнча шаардын чарбалык бөлүмүн караган вице-мэр Сонунбек Жунусбаев "Т-Медиага" билдирген. Учурда көчөттөрдү кайдан алып келүү маселеси каралууда.
"Өзбекстан, Кытай, Орусиядан көчөттөрдү карап жатабыз. Бир көчөнү акация кылсак, бир көчөнү клён кылып, Ошту биологиялык ар түрдүүлүккө алып баралы деп жатабыз. Мэрдин талабы 3-4 метрден жогору 7-8 жылдык көчөттөрдү алып келип отургузуу болууда. Чоң дарактар алынбайт".
Сонунбек Жунусбаев
Ош шаарынын вице-мэри
Шаарга даракты туура тандап отургузуу эмне үчүн маанилүү?

Бактар айрыкча, шаар жерине дарактарды отургузуудан мурун көңүл буруу керек болгон көптөгөн факторлор бар. Бириккен Улуттур Уюмунун (БУУ) азык-түлүк жана айыл-чарба уюму эгер, калаага бактар туура отургузулса, абанын температурасын экиден сегиз градуска чейин төмөндөтсө болорун билдирген. Төмөндө дарак айрыкча, чоң дарактар шаарда кандай функцияларды аткарарын көрсөңүз болот.
Негизи бакты отургузууну пландап жатканда, анын шаарга жарашыгын же сулуулугуна гана басым жасабаш керек. Алгач дарактан кандай милдет керек экенин аныктаган туура болот. Мисалы, көбүрөөк көмүр кычкыл газын сиңире алган, ызы-чуу үндү басаңдатууга жардам берген дарактар бар. Эколог Абдижапар Аккулов мындай факторлорду эске алып, Ошко төмөнкү дарактарды отургузууну демилгелеп келет.
"Жергиликтүү, Ошко туура келген дарактарды, терек, талдарды тиксек болот. Кайсы даракты кайсыл жерге отургузууну биринчи пландаштырыш керек. Жазы жалбырактуудан кайрагач, интродукцент катары эмен менен дуб бар. Таптакыр жок болуп кеткен лимпа. Себеби, жазы жалбырактуулар көбүрөөк кычкылтекти иштеп чыгып, шумду да баса алат. Эстетикалык жактан да көрк берет. Азыр шаарда питомниктер да ишин жандантып жатат. Ошол жерде дарактын түрдүк составын көбөйтүү керек".
Негизи шаарга жыл сайын эле көчөт тигилет. Көрктөндүрү жана жашылдандыруу мекемесинин маалыматына караганда, ар жылы отургузулган көчөттөрдүн 20%ы куурап калат.
Жалпылап айтканда, шаар экологдор менен тыгыз иштешүүгө муктаж болуп турат. Себеби, бакты туура эмес жерге пландап отургузуу анын пайдасын азайтып гана чектелбей, такыр эле өспөй калышына да шарт түзөт. Шаарда кыйылган дарактардын орду ойдогудай толукталбай калган мисалдардын бири калаанын Аскар Шакиров көчөсү оңдолгон жылдары болгон эле. 2019-жылы жол салуу үчүн 500дөй бак кыйылган. Алардын ичинен бир көчөдөгү дарактарды калыбына келтирүү үчүн 600дөй арча көчөт тигишкен. Ошол мезгилде анын 180 даанасы куурап өспөй калган.

Ош шаарындагы жалпы бак-дарактар буга чейин инвентаризация болгон эмес. Жергиликтүү бийлик эми гана алардын баарын эсептеп, абалын анализдеп чыгууну көздөп жатат.

Бир эле даана дарактын кандай пайдасы бар экенин бул жактан окусаңыз болот.