Ушул күнгө чейин жетинчи чакырылыштын 20дан ашык депутаты мандатын тапшырды. "Т-Медиа" алар кандай жагдайда кеткенин топтоштурду.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы 2021-жылдын декабрь айында ишке киришкен. Анда жалпы 90 депутат - 36сы бир мандаттуу округдан, 54ү партиялык тизме менен шайланган. Андан бери 21 эл өкүлүнүнүн мандаты ар кандай жагдайда алынды. Алардын ордуна башка эл өкүлдөрүн тандоо үчүн онго жакын бир мандаттуу округдарда кайра шайлоо өттү.
Мандаттан ажыраткан диплом чыры
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2022-жылы январдан тарта УКМК президенттик аппараттан баштап, бардык мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерди, парламент, жергиликтүү жана шаардык кеңештердин депутаттарынын дипломун текшере баштаган. Мына ошол массалык текшерүүгө Жогорку Кеңештин үч депутаты - Орозайым Нарматова, Фарходбек Алимжанов жана Фархат Исмаилов илешкен.
Орозайым Нарматова 2021-жылы ноябрда өткөн парламенттик шайлоого катышып, "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат болгон. 2022-жылдын 14-январында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аны суракка чакырган. Атайын кызмат ага Жалал-Абад мамлекеттик университетине "мыйзамсыз кабыл алынганы фактысы" боюнча кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон. Борбордук шайлоо комиссиясы 20-январда Нарматованын талапкер катары каттоосун жана мандатын жокко чыгарган.

Ошол учурда Орозайым Нарматова мандатынын жокко чыгарылышын саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырган. Ал сот адилеттигине ишенбей турганын жана "БШКнын чечимин сотко бербесин" билдирген.

"Бүтүн Кыргызстандын" тизмеси менен анын ордуна Айгүл Айдарова депутат болуп келген.
Фарходбек Алимжановдун ыйгарым укуктарын Борбордук шайлоо комиссиясы 2023-жылдын 6-июлунда токтоткон. Кийин ал Боршайкомдун чечимине каршы сотко кайрылган. Алгач райондук, кийин Бишкек шаардык соту да анын арызын канааттандырган эмес. Алимжанов буга нааразы болуп, кийинки инстанцияга кайрылган. Жогорку сот анын мандатынын алынышын мыйзамдуу деп таап, Бишкек шаардык административдик сотунун жана шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган.

Депутат Жогорку соттун чечими боюнча социалдык түйүндөгү баракчасына пикирин жазып, мандат маселеси ушуну менен аяктанын билдирген.

Боршайком соттун чечимине таянып, Фарходбек Алимжановдун мандатын "Альянс" партиясынын тизмеси боюнча Эльдар Абакировго берди.
"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан депутат болгон Фархат Исмаилов да 2023-жылы июлда ыйгарым укуктарын токтоткон. Ал диплому жасалма экенин четке кагып, мандатын коргоо үчүн Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Бирок сот арызын канааттандырган эмес.

Исмаилов бул чечимге нааразы болуп, кийинки инстанцияга кайрылган. Бирок Жогорку сот анын да мандатынын алынышын мыйзамдуу деп тапкан.

Боршайком Исмаиловдун мандатын "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Чынберди Төлөновго тапшырган.
Матраимов менен байланышы бар делген депутаттар
Быйыл январда УКМК мурдагы бажычы Райымбек Матраимовго кылмыш ишин козгоп, издөө жарыялангандан кийин аны менен байланышы бар делген Жогорку Кеңештин айрым эл өкүлдөрүн парламенттен кетирүү талабы айтыла баштаган.

Көп өтпөй Борбордук шайлоо комиссиясы "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Абдыбахаб Боронбаевди өзү жазган арыздын негизинде мандатынан ажыраткан. Анын орду Саидбек Зулпуевге берилди. Негизи Боронбаев парламентте эки жылдай отурду. Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү болчу. 2022-жылы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган Бакыт Төрөбаевдин ордуна мандат алган.

Боронбаев 1996-жылдан тарта Бажы кызматында иштеп баштаган. Түштүк-Батыш бажысынын жетектеген. Ал 2021-жылдан кийин Райымбек Матраимовдор менен бирге "Коррупция" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бюджетке 8 млн. сом төлөп кутулган.
Боронбаевден кийин эле Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев парламенттеги ыйгарым укуктарын токтотту. Боршайком алардын мандатын өздөрү жазган арыздын негизинде алганын маалымдаган.

Искендер Матраимов парламенттин жетинчи чакырылышына Кара-Суу бир мандаттуу округунан шайланып келген. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы. Ал өткөн жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган октябрдагы парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен катышкан.
Райымбек Матраимов менен байланышы бары айтылган депутат Шайлообек Атазовдун мандатын Бишкектин административдик соту үстүбүздөгү жылдын 1-мартында жокко чыгарган. Буга байланыштуу ал 27-апрелде Бишкек шаарынын Административдик сотунун жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин жокко чыгарууну өтүнүп, Жогорку сотко кассациялык даттануу жолдогон. Бирок мурдагы чечимдер күчүндө калган.
Матраимовдорго жакын экени айтылган дагы бир депутат Айбек Осмоновдун да мандаты быйыл мартта алынган. Боршайком анын ыйгарым укуктарын өзү жазган арыздын негизинде токтоткону маалым.

Осмонов жетинчи чакырылышка бир мандаттуу Ош округунан шайланган. Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин мүчөсү болчу. 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" партиясын негиздеген. Бирок бул партия шайлоонун астында Матраимовдордун үй-бүлөсүнө жана тарапташтарына өтүп кеткени айтылган. Кийин Осмонов "Ыйман Нуру" партиясын түзүп, бирок анын тизмесинен да чыгып, парламенттик шайлоого катышуудан баш тарткан. Андан соң "Биздин Кыргызстанды" негиздеп, партия жергиликтүү кеңешке өткөн шайлоолорго катышкан.
44 жаштагы ишкер Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 7-чакырылышына №5 Ноокат шайлоо округунан мандат алган. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетте мүчө болгон. Мандатын тапшырганга чейин ал саламаттык сактоо министрин сындап жүргөн. Алымкадыр Бейшеналиевди коррупцияга айыптап, андан тышкары анын уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар экенин билдирген. Министр Коргонбай уулунун айткандарын төгүндөп, аны сотко берген.

Жусупбек Коргонбай уулунун ысымы буга чейин көмүр кен чырында аталган.
Себепсиз мандат тапшыргандар
Мандатын таштап кеткендердин бири Максатбек Сарыбагышев. Ал ыйгарым укуктарын быйыл 25-апрелде токтоткон. Сарыбагышев бир мандаттуу Ысык-Көл округунан депутат болгон.
БШКнын 19-августтагы чечими менен "Ата Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Мейкинбек Абдалиев ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Мындай чечимге эмне себеп болгонун ал ушул күнгө чейин ачыктай элек. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин мүчөсү болгон.

Абдалиев мандатын тапшыргандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп шайланды. Анын талапкерлигин парламенттин депутаттары 5-сентябрда колдоп берди.
Борбордук шайлоо комиссиясы 19-июлдагы жыйынында Тазабек Икрамовдун өзү жазган арыздын негизинде мандатынан ажыраткан. Ал Жогорку Кеңешке Сузак бир мандаттуу округунан шайланып келген. Эми анын ордуна депутат шайлоо 22-сентябрда өтөт.

Икрамов депутаттыктан кетүү өз чечими болгонун "Фейсбукка" жазган. Ага чейин ал коомчулукка ачык айтыла элек иш боюнча УКМКга сурак берип чыкканы белгилүү болгон.
Парламентте мандаттан ажыраган кезектеги депутат Нуржигит Кадырбеков болду. Ал ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арызды Борбордук шайлоо комиссиясына 30-августта арыз берген. Боршайком ошол эле күнү анын өтүнүчүн бир добуштан канааттандырган. Кадырбеков эмне себептен арыз жазганы азырынча белгисиз. Бул тууралуу өзү да комментарий бере элек.

Мунун алдында Кадырбеков УКМКга сурак берип чыккан. Атайын кызматтан чыгып баратып журналисттерге комментарий берип, "Ыйман" фондунун ишмердигине байланыштуу күбө катары көрсөтмө бергенин билдирген. Дал ушул фонддун ишмердигин текшерген аудит 5 миллион доллардан ашык каражаттын отчету берилбегенин аныктаган. Андан соң бул ишти укук коргоо органдары териштире баштаган. Нуржигит Кадырбеков "Ыйман" фондун 2015-2019-жылдары жетектеген.
Депутаттыктан кызматка кеткендер
2021-жылы парламентке "Альянс" партиясынын тизмеси менен депутат болгон Алтынбек Сулайманов бир жылдан кийин президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү болгон. Мындан улам депутаттык мандатын тапшырып, анын ордуна тизмедеги Эмилбек Жамгырчиев келген.
БШК үстүбүздөү жылдын 14-мартында Равшанбек Сабировду Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалганына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары токтоткон.

Бакыт Төрөбаев "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан депутат болгон. Бирок Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлик кызматына өткөндүктөн мандаттарын тапшырган.

Кымыш иши козголуп мандат тапшыргандар
Бишкек шаарынын №26 Ленин округунан депутат болуп келген Жаныбек Абиров 2023-жылдын март айында өзү жазган арызына байланыштуу мандатынан ажыратылган.

Ага чейин социалдык тармактарда кафелердин биринде эки адам ур-тепкиге алынганы тартылган видео тараган. Жабыркаган адамдар ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерлери экени айтылып, ал эми алардын бирөөсүн ур-тепкиге алган адам Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров экени белгилүү болгон. Бул окуядан кийин Башкы прокурор Жогорку Кеңешке депутат Жаныбек Абировду айыпкер катары жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуштама киргизген.
Былтыр декабрда Ноокат райондук соту Өмүрбек Бакировду "2021-жылдагы парламенттик шайлоодо добуш сатып алган" деген айып боюнча күнөөлүү деп таап, 200 миң сом айып пул салган. БШК андан кийин Бакировду депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыраткан.
Алтынбек Сулаймановдун ордуна келген Эмил Жамгырчиев да депутаттык ыйгарым укуктарын толук пайдалана алган жок. Ага "Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси менен айып коюлуп, 2023-жылдын декабрь айында ошол кездеги башкы прокурор Курманкул Зулушев аны жоопко тартууну сурап Жогорку Кеңешке кайрылган. Кесиптештери буга макул болгон.

Ошентип, БШК 2-февралда Эмил Жамгырчиевдин өзү жазган арыздын негизинде депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыраткан.
Ушул жылдын 26-апрелинде Борбордук шайлоо комиссиясы "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду да депутаттык мандатынан ажыратты. БШК мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун ѳкүмүн талкуулагандан кийин кабыл алды.

Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү тергөө абагынан чыкты. Саясатчы дээрлик жети айдан бери абакта отурган. 26-мартта Биринчи Май райондук соту Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес.