БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Министр Бейшеналиев депутатты сотко берди

Министр Бейшеналиев депутатты сотко берди

"Т-Медианын" коллажы

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ар-намысына жана аброюна шек келтиргени үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулун сотко берди. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта адвокат Кайсын Абакиров өзүнүн "Фейсбук" баракчасына жазды. 

Абакировдун айтымында, Бейшеналиев доо арыз менен Ленин райондук сотуна кайрылган. Доомат депутаттын парламенттин 14-марттагы сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу. Министр Коргонбай уулунун чындыкка коошпогон маалыматын төгүндөп, 10 миң сом өлчөмүндө материалдык жана моралдык зыянды өндүрүүнү ниеттенүүдө.

Жогорку Кеңештин 14-марттагы жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу Алымкадыр Бейшеналиев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө операция жасап жүргөнүн айткан. Эл өкүлү министрдин жоопкерчилигин кароо керектигин белгилеген. 

"Черный хирург" деген каймана аты бар экен. Кримтөбөл Рысбек Акматбаевди жана башка кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жашыруун түрдө операция кылып жүргөн. Бул министр болуп келгенден бери эле ооруканаларда эне-балдар өлүп жатат. Кадрдык башаламандык болууда. Президентке аконит жасап берсе эле "кыйынмын" деп ойлобосун. Парламентке чакыралы, өлүмдөр көбөйүп жатканына жооп берсин", -деген депутат. 

Бейшеналиев кийин депутаттын айткандарына жооп берген. Ал Ахунбаев атындагы клиникада иштеп жүргөндө чындыгында абактагыларга да операция жасаганын айтып, бул дарыгердин милдети экенин кошумчалаган.

"Хирург болуп иштеп жүргөндө депутатына да, министрине да, түрмөдөгүлөрүнө да операция жасагам. Алардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болушу ыктымал. 47-колония Ахунбаев атындагы клиниканын камкордугунда экени эч кимге жашыруун эмес. Анда анестезиолог, хирург, кардиолог, уролог, невропатологдордун баары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта болуп калабы? Рысбек Акматбаевди билчү эмесмин, ага операция да жасаган эмесмин", -деген Бейшеналиев.

Бейшеналиев 2020-жылы саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. 2022-жылы июнда "коррупцияга" айыпталып камалып, кайра үй камагына чыккан. Андан кийин Садыр Жапаровдун жарлыгы менен иштен кеткен.

2023-жылы сентябрь айында кайра министрилик кызматка келген.

Автор: Осмонова Айдана > 510 статей