БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

11 журналисттин иши: шаардык сот үч кишини абакта калтырды

11 журналисттин иши: шаардык сот үч кишини абакта калтырды

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

Бишкек шаардык соту бүгүн, 27-мартта "Массалык башаламандыктар" беренеси менен камакка алынган айрым журналисттердин баш коргоо чарасын карады.

"Т-Медианын" сотто жүргөн кабарчысы билдиргендей, "Темиров LIVE" редакциясынын кызматкери Максат Тажыбек, Азамат Ишенбеков, "ПолитКлиника" медиасынын журналисти Тыныстан Асыпбековдун бөгөт чарасы каралып, райондук соттун чечими өзгөртүүсүз калды.  

12-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту "Темиров LIVE" жана "Айт айт десе" долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызынын, "Нур пресс" медиасынын журналисти Жоодар Бузумовдун, "Арча Медианын" (мурдагы Next TV медиасы) журналисти Сайпидин Султаналиевдин, "Темиров LIVE" редакциясынын кызматкери Максат Тажыбек жана "Темиров LIVE" каналынын кызматкери Айке Бейшекеева, Азамат Ишенбеков, "Алга Медианын" журналисти Актилек Капаров менен "ПолитКлиника" медиасынын журналисти Тыныстан Асыпбековдун камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан.

Ал эми "Темиров LIVE" редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына чыкса, медианын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев эч кайда чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулган. Ошондой эле долбоордун кызматкери Сапарбек Акунбеков жана мурдагы кызматкер Жумабек Турдалиев да тил кат менен чыккан.

Журналисттердин жапырт кармалышы

2024-жылдын 16-январынын таңында Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Темиров LIVE" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" долбоорлорунун, "Арча Медианын", "Алга медиа" каналынын жана "ПолитКлиника" басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган. Журналисттердин адвокаттары апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. Алардын арызы канааттандырылган эмес.

ИИМ "Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" баракчаларындагы жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренесинин үчүнчү бөлүгү "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып келет. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар кыргыз бийлигин эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

Автор: Максат Боромбаев

Автор: Т-Медиа > 323 статей