БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Суудагы "Манас" стадионуна элден акча чогултуу токтотулду

Кара-Суудагы "Манас" стадионуна элден акча чогултуу токтотулду

"Манас" стадиону/ Сүрөт: Кара-Суу администрациясы

Кара-Суу шаарындагы "Манас" стадионуна каражат жыйноо токтотулду. Ал мамлекеттик бюджеттин эсебинен оңдоп-түзөөдөн өтөрүн "Т-Медиага" район акиминин орун басары Улан Батыров билдирди.

Бирок стадионду оңдоо иштери качан башталары белгисиз. Кара-Суу райондук дене тарбия жана спорт инструктору буга чейин жарандардан 800 миң сомдон ашык каражат жыйналып калганын билдирди. Ал эми "Жаш күч" өнүктүрүү фондунун директору Рашид Аманкулов "топтолгон сумманы ээлери сураса кайтарабыз" дейт. 

"Акчаны ээлери сураса кайтарабыз. Кайра Кара-Сууну өнүктүрүүгө жумшагыла десе ага жумшайбыз. Андан бир сом эч ким жебейт, кайра кошушубуз мүмкүн".

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев айыл өкмөттөр менен акимдин стадионду оңдоп-түзөө үчүн каражат жыйноого кийлигишүүсү мыйзамга каршы келерин айтат. Бул боюнча эл өкүлү район акимине да кайрылган.

Калктан каражат жыйнап, оюн талааны оңдоо демилгеси район акими Темирболот Абыкеевден чыккан. Жумуш 4-марттан тарта башталары маалымдалган. Ага ылайык, райондогу 131 айылдын тургундарынын эсебинен болжолдуу 20 млн сом сарпталаары пландалган. Каражатты топтоого "Жаш күч" деген коомдук фонд түзүлгөн.  

Демилгеден соң райондогу айылдарга белгилүү сумма бөлүнүп, милдеттүү берүү талабы коюлган учурлар кездешкен. Буга нааразы болгон жарандар социалдык тармактарга жазышкан.

"Манас" стадиону 1960-жылы 4 миңге чукул көрүүчүгө ылайыкташып курулган. Салынгандан бери капиталык оңдоодон өтө элек. Буга чейинка маалыматтарда стадиондун трибуналары калыбына келтирилип, олтургучтар орнотулуп, чуркоо жолдору жана футбол аянтчасы, жарыктандыруу, стадиондун четиндеги тосмолорду жаңылоо, эскилиги жеткен ажаткананы бузуп, ордуна жаңыдан 12 көздүү ажаткана куруу, воркаут зонасын уюштуруу, волейбол аянтчасы, трибуналардын үстү жабылары айтылган.  

Кыргызстандагы эң чоң район Кара-Сууда 468 миңден ашуун адам жашайт. Бул былтыркы жылга карата статистика.  Райондогу 16 айыл өкмөт аймактык реформанын алкагында он айыл өкмөт болуп бириктирилди. 

Автор: Осмонова Айдана > 341 статей