БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Майлуу-Сууда жалпы дарыгерлер борбору мамлекетке 249 миң сом зыян келтиргени аныкталды

Майлуу-Сууда жалпы дарыгерлер борбору мамлекетке 249 миң сом зыян келтиргени аныкталды

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абаддагы Майлуу-Суу шаарынын жалпы дарыгерлик практикалык борбору мамлекетке 249 миң сом зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу "Т-Медиага" Майлуу-шаардык прокуратурадан билдиришти.

Борбор Майлуу-Суу шаардык прокуратурасы тарабынан текшерилген. Анда мекеменин жооптуу адамдары бир катар кызматкерлер менен мыйзамда белгиленген нормадан ашык жумуштарды аткаруу үчүн эмгек келишимдери түзгөнү аныкталган. Жыйынтыгында мамлекетке 249 миң 908 сом зыян келтирилген.

Аларга чара көрүлүп, мамлекетке келтирилген зыяндын орду толугу менен өндүрүлгөн. Ал эми жогорудагы мыйзам бузууларга жол берген кызматкерлер тартиптик жоопкерчиликке тартылган.

Автор: Осмонова Айдана > 341 статей