БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Райымбек Матраимов 26-апрелге чейин камалды

Райымбек Матраимов 26-апрелге чейин камалды

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

27-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасын карап, 26-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу "Т-Медианын" ушу тапта сотто жүргөн кабарчысы билдирди. 

Эл аралык издөөдө Райымбек Матраимов 25-мартта Баку (Азербайжан) шаарында кармалып, Кыргызстанга алып келинди. Аны менен кошо бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да кармалып өлкөгө жеткирилген.

Райымбек Матраимовго карата эки берене боюнча - "Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу" (169-берене) жана "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу" (222-берене) белгилери боюнча кылмыш иши жүрүп жатат. УКМК ал атайын операция маалында өлтүрүлгөн Камчы Көлбаев (Камчы Асанбек) менен тыгыз байланышта болгонун жана бажы кызматкерлери менен мамлекеттик кызматкерлерден турган кылмыштуу топ түзгөнүн маалымдаган.

22-мартта атайын кызмат Кыргызстандын аймагында өлкө жетекчилигине кол салууну көздөгөн Азербайжандын беш жаранын кармаган. Кийин кармалган кылмыштуу топтун Матраимов менен байланышы бар экени кабарланган.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовду жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө "мафия түзгөн" деп айыптаган.

Райымбек Матраимов 1997-жылдан тартып Бажы тармагында эмгектенген. Кызматтан көтөрүлүп отуруп, 2015-2017-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Автор: Т-Медиа > 233 статей