БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Крокустагы" куралдуу кол салууда каза болгондордун саны 143 кишиге жетти

"Крокустагы" куралдуу кол салууда каза болгондордун саны 143 кишиге жетти

Крокустагы окуяга байланыштуу аза күтүү/Сүрөт: "РИА новости"

Москвадагы "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы куралдуу кол салуудан каза болгондордун саны 143 кишиге жеткенин Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Аталган мекеме тизме соттук-медициналык изилдөөнүн тыянагына жараша түзөтүлүп турарын билдирген.

Буга чейин Орусиянын аталган министрлиги дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык эки кыздын аты-жөнүн каза болгондордун болжолдуу тизмесине киргизген. Бирок Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аларды каза тапты деп айтууга азырынча эрте деген маалымат таратты. Министрлик кыздардын генетикалык экспертизасы (ДНК) аяктап, жыйынтыгы чыга электигин белгилеген. 

Эске салсак, 22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы "Крокус Сити" деп аталган борборго төрт куралчан адам кирип барып, концерт көргөнү барган адамдарды аткылай баштаган. Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (террордук акт) негизинде иш козгоп, териштирүү баштаган.

Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын, алардын төртөө "теракттын катышуучусу" экенин маалымдады. Ал эми Ички иштер министрлиги кармалган төрт киши тең чет элдик экенин маалымдады, бирок кайсы өлкөнүн жарандары экенин тактаган жок.

Орус бийлигине жакын бир катар Телеграм-каналдар жана саясатчылар кармалгандар Тажикстандын жарандары же орус паспорту бар тажик улутундагы адамдар экенин жазып чыгышты. Москва расмий түрдө андай маалымат бере элек.

Автор: Осмонова Айдана > 341 статей