БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: бейтааныш кызды шылдыңдаган блогер беш суткага камалды

Ош: бейтааныш кызды шылдыңдаган блогер беш суткага камалды

Видеодон скриншот

Ош шаардык сотунун 27-марттагы чечими менен Достук көпүрөсүндө бейтааныш кызды шылдыңдаган Саян деген ат менен белгилүү блогер Н.Т. беш суткага камалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Блогер 27-мартта эрте менен Бишкектен Ошко алынып келинген. Ага Укук бузуулар боюнча кодекстин 126-беренеси ("Майда бейбаштык") менен айып тагылган. 

Милицияга блогерге чара көрүү өтүнүчү менен алгач активист Азамат Ормокеев кайрылган. Андан кийин блогер шылдыңдаган кыздан да арыз түшкөн. Ал Өзгөн районунун 22 жаштагы тургуну.

25-мартта соцтармактарга блогердин Ошто жанынан өтүп бара жаткан кызды уят сөз менен шылдыңдаган видеосу тараган. Интернет колдонуучулар чара көрүү керектигин айтышкан. Бул ишинен кийин ал элден жана кыздан кечирим сураган. Өзүн тааныштырган видеодо Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынын тургуну экенин, ушул тапта Бишкекте жашарын кошумчалаган. 

Автор: Осмонова Айдана > 341 статей