БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Балыкчыда өспүрүмдү сүзүп кеткен милициянын кылмыш иши токтотулду

Балыкчыда өспүрүмдү сүзүп кеткен милициянын кылмыш иши токтотулду

Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев

Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бектур Осмонбаевге карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Буга тараптардын жарашып алганыны негиз болгон. Мындан улам Балыкчы шаардык соту аны 26-мартта убактылуу кармоочу жайдан бошотуп, бөгөт чарасын эч жакка чыкпоо түрүнө алмаштырган.

Осмонбаевге Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренесинин 2-бөлүгү ("Коркунучта калтыруу, этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун") менен кылмыш иши козголгон. Ал эми "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси боюнча иш тергөөдө кыскартылганы айтылды.

Мурдаарак кыздын атасы Бектур Осмонбаевге карата тосмо арыз жазганы да белгилүү болгон.

Эске салсак: 26-январда Балыкчы шаарында жол боюнда турган 12 жаштагы окуучу кызды автоунаа коюп кеткен. Ысык-Көл облустук милициясы тестиерди сүзүп кеткен Geely Monjaro үлгүсүндөгү автоунаа Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө тиешелүү экенин тастыктаган. 

Окуядан кийин Балыкчы шаарындагы аймактык тескөөчү рулда өзү болгонун айтып, күнөөнү моюнга аларын билдирген. Бирок жергиликтүү тургундар автоунааны ал эмес, анын агасы - Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев башкарып баратканын айтышкан. Алар аны окуя болгон жерден качып кеткен деп нааразы болушкан.

Ички иштер министрлиги кырсыкка байланыштуу Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы менен анын милицияда иштеген иниси кызматтан бошотулганын кабарлаган. Кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы ага издөө жарыялаган. Көп узабай Бектур Осмонбаев Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан кармалып, атайын кызматка өткөрүп берген. 

 

Автор: Боромбаев Максат > 70 статей