БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ОСАГО: камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга айып пул салынат

ОСАГО: камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга айып пул салынат

Интернеттен алынды

Кыргызстанда автоунаага камсыздандыруу полисин албагандарга 3000 сом айып пул салынат. Бул боюнча үстүбүздөгү жылдын башында Министрлер кабинетинин токтому чыкканын "Т-Медиага" Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айткулов билдирди. 

Айткулов айып пул салууга токтом жол берерин айтып, бирок жыл башынан бери эч кимге чегерилбегенин белгиледи. Ошондой эле ал токтомду ачыктаган да жок.

"Биз негизи протокол түзсөк деле болот, бул мыйзамдуу. Жыл башында өкмөттүн токтому чыгыптыр. Бирок азыр эч кимге айып пул сала элекпиз. Биз мындай учурда алдын-ала эскертүү бермекпиз. Жарандарга эскертүү бербей туруп протокол түзүлбөйт".

Автоунааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу (ОСАГО) 2025-жылдын 1-январына жылдырылган. Бирок социалдык тармак колдонуучулары бул мыйзам ушул жылдын тарта ишке киргендигин, камсыздандыруу полиси жокторго айып пул салынып жатканын айтып чыгышты. 

Милдеттүү түрдө камсыздандырууну көздөгөн мыйзам 2015-жылы кабыл алынып, бирок толук ишке ашпай келет. Улам артка жылып, 2023-жылдын 1-январынан күчүнө кирмек болгон. Өкмөт анын убактысын да жылдырып, 2024-жылга калтырган болчу.

Ал эми Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк жарандар жана чет элдик ишканалар үчүн автоунааны милдеттүү камсыздандыруу 2023-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирген.

Камсыздандыруу полисинин баштапкы баасы 1680 сомду түзөт. Бул баа унаанын түрүнө, айдоочунун жашы менен тажрыйбасына жана ал жол кырсыктарына канчалык көп учураганына жараша өзгөрөт. Эгерде айдоочулар камсыздандыруу полиси жок унаа башкарса 3 миң сомдук айып төлөшөт. Юридикалык жактар 13 миң сом айыпка жыгылат.

Автор: Осмонова Айдана > 341 статей