БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Райымбек Матраимов "чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренеси менен да айыпталууда

Райымбек Матраимов "чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренеси менен да айыпталууда

УКМК тараткан сүрөт

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") боюнча да айып тагылды. Бул тууралуу "Т-Медиага" Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Райымбек Матраимовго "Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу", "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелери менен айып тагылган. Анын бир туугандары Руслан жана Исламбек Матраимовдор Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу", Тилек Матраимов "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен айыпталууда. 

27-марта Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасын карап, 26-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Ал эми Ош шаардык соту анын бир туугандары Тилек Матраимовду бир айга, Руслан жана Исламбек Матраимовдорду 18-майга чейин камакка алган. 

26-марттын кечинде Райымбек Матраимов Азербайжандан Бишкеке алынып келинген. УКМК ал менен кошо үч бир тууганы кармалганы маалымдаган

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовду жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө "мафия түзгөн" деп айыптаган.

Райымбек Матраимов 1997-жылдан тартып Бажы тармагында эмгектенген. Кызматтан көтөрүлүп отуруп, 2015-2017-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Автор: Осмонова Айдана > 341 статей