БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ТИМ: Москвадагы кол салууда жабыркагандарын арасында кыргыздар жок

ТИМ: Москвадагы кол салууда жабыркагандарын арасында кыргыздар жок

Крокус терактан кийин/Сүрөт: "РИА новости"

Москвадагы "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы куралдуу кол салуудан жабыркагандардын тизмесинде 28-мартка карата Кыргыстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлери ооруканага жабыркап түшкөн Орусиянын жарандыгын алган жашы жете элек этникалык кыргыз Б.К.га барып, ден соолугунан кабар алышкан. Учурда аталган жарандын ден соолугу жакшы болуп, үйүнө чыкканы маалым болду.

ТИМ кандуу окуядан кийин издөөдө жүргөн эки кыргыстандык кыздардын генетикалык экспертизасынын жыйынтыгы чыга электигин, элчилик  аталган жарандардын ата-энелери менен тыгыз байланышта турганын кошумчалады. 

Буга чейин Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык эки кыздын аты-жөнүн каза болгондордун болжолдуу тизмесине киргизгенАкыркы маалыматтарга ылайык, "Крокус Сити Холлдогу" окуядан каза болгондордун саны 143кө жеткен. 

Автор: Осмонова Айдана > 341 статей