БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

1-майдан электр энергияга тариф жогорулайт. Министр себебин түшүндүрдү

1-майдан электр энергияга тариф жогорулайт. Министр себебин түшүндүрдү

Сүрөт Sputnik / Сергей Мальгавко

1-майдан тарта электр энергиясына болгон тариф жогорулайт. Бул боюнча энергетика министри Таалайбек Ибраев "Кабар" агенттигине комментарий берди. 

Министр тарифтин жогорулоосу учурдун талабы болуп жатканын айтат. 

"Бүгүнкү күндөгү тарифтик саясат 2023-жылга карата инфляциянын деңгээлине ылайык жөнгө салынууда. Алсак, электр жарыгынын баасынын өсүшү болжол менен 10,8%ды же 11 тыйынды түзөт. Ошону менен бирге тарифтер башка категориядагы керектөөчүлөргө, анын ичинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн да жогорулайт, алар үчүн өзүнчө жеңилдетилген баа белгиленген. Эгер керектөөчүнүн үйүндө муздаткыч менен телевизор эле иштесе, тарифтик пландан ашпайт жана ага жараша төлөйт. Бирок үйүндө эки муздаткыч, суу ысыткыч, телевизор, кондиционер жана башкалар иштесе, анда жарыктын баасы жогору болуусу керек. Энергия дагы товар. Электр энергиясын көп керектегендер ошого жараша киреше табышат болушу керек, ошол себептен кызмат үчүн төлөш керек", - деген Ибраев. 

1-майдан тарта электр жарыгы 10,8 тыйынга кымбаттап жатат. Айына 700 кВт сааттан ашык керектөөдө 23,3 тыйын кошулат. Электр энергиясын чектөөсүз (лимитсиз) пайдаланууну каалагандарга 35,4 тыйын, жарыкты айыл чарба, өнөр жайга колдонгондорго 31 тыйынга кымбаттайт.

Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 2023-жылы 1-майдан тарта 23 тыйынга кымбаттап, 1 кВт саат электр энергиясы 1 сом болгон. 700 кВт сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 16 тыйын төлөйт. Ошондой эле электр жарыгын чектөөсүз (лимитсиз) пайдаланууну каалагандар үчүн 5 сом 4 тыйын өлчөмү 2022-жылы июль айында кирген.

Автор: Анарбаева Наргиза > 156 статей