БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сентябрда медиктердин айлыгы көтөрүлөт. Жарлыкка президент Жапаров кол койду

Сентябрда медиктердин айлыгы көтөрүлөт. Жарлыкка президент Жапаров кол койду

Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаров медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча кеңешмеде "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын жана социалдык стационардык мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу 1-июлда мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.

Жарлыкка ылайык, 1-сентябрдан тартып дарыгерлер персоналынын кызматтык маяналары 50%, орто медициналык персоналдын маяналары 20%, кенже тейлөөчү персоналдын, ошондой эле тез жардам кызматынын айдоочуларынын маяналары 10%га чейин жогорулатылат. Өлкө башынын мисалына таянсак, мурда алыскы аймактарда иштеген жалпы хирург 20 миң 136 сом маяна алса, эми айлыгы көтөрүлүп 50 миң 205 сом алат (20 миң сом компенсация алгандан кийин). 35 миң 481 сом алган анестезиолог, реаниматолог айлыгы көтөрүлүп 73 миң 222 сом алат. 32 миң 474 сом айлык алган педиатр 68 миң 709 сом ала баштайт.

Буга чейин клиникалык ординатордун стипендиясы 1200 сом болчу. 1-июлдан тарта ал сумма 20 миң сомду түзөт.

Президент алыскы аймактарда саламаттыкты сактоонун деңгээлин жогорулатуу максатында 1-июлдан тартып жаш адистерге айлыгына кошумча стипендия берүү жана дарыгерлердин депозитинин көлөмүн көбөйтүү маселеси чечилгенин кошумчалады. 

Кеңешмеде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкөнүн алысы райондорунда, чакан шаарларында жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарына (Бишкек жана Ош шаарларынан сырткары) иштөө үчүн жиберилген адистерге (педиатрлар, неонатологдор, жалпы хирургия, анестезиолог-реаниматологдор) 1-июлдан баштап 20 миң сом кошумча компенсациялык төлөмдөр каралганын айтты. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей