БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

1-сентябрга чейин мүлк салыктары төлөнбөсө айып салынат

1-сентябрга чейин мүлк салыктары төлөнбөсө айып салынат

Сүрөт интернеттен алынды

Салык кызматы салык төлөөчүлөргө 1-сентябрга чейин бир катар мүлк салыктарын төлөө керектигин эскертип жатат. Өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндөгү айып пул каралган.

Салыктарды cabinet.salyk.kg сайтындагы Салык төлөөчүнүн кабинетинде түзүлгөн төлөм коду боюнча же "Salyk.kg" мобилдик тиркемеси аркылуу төлөөгө болот. 

Мүлк салыгын кантип төлөө керек?

Транспорт каражатына салык. Салыктын бул түрүн төлөө үчүн ээсинин ЖИНин, транспорттун мамлекеттик номерин жана салык мезгилин көрсөтүү керек. Салыктын суммасы автоматтык түрдө эсептелет.

Турак үй, батирге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) төлөө үчүн КМБны (укукту күбөлөндүрүүчү документте көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк бирдигин), зоналык коэффициентти, салык салынбаган аянттын өлчөмүн жана салык мезгилин көрсөтүү талап кылынат.

Үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салыкты төлөөгө менчик ээсинин ЖИНин, аймагын жана салыктын суммасын киргизүү керек.

Автор: Улукбек кызы Асем > 321 статей