БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Өлкө боюнча 10 шайлоо участкасында аралыктан добуш берүү жүрүп жатат
Кыргызстанда шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо башталды. Таңкы саат 8:00 дө башталган добуш берүү кечки саат сегизге чейин уланат. Республика боюнча жалпы 2 миң 437 добушкана ачылды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча өлкө боюнча он шайлоо участогунда аралыктан добуш берүү жүрүп жатат. Бул үчүн Бишкекте төрт, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Нарын, Баткен жана Талас шаарларында бирден добушканалар ачылган. Даректери төмөнкү шилтемеде.
Аралыктан добуш берүүнү каалгандардын саны 9 миңден ашкан. Мындай шайлоочулардын көпчүлүгү Бишкекте - 4879 адам. Арыздардын 70%дан ашыгы 18-35 жаштагы шайлоочулардан түшкөн.
Быйыл 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоодо биринчи жолу аралыктан добуш берүү ыкмасы колдонулуп жатат. Шайлоочу өзүнүн туруктуу каттоосу бар жерде добуш берүүгө катыша албаса, анда арыз тапшырып, аралыктан добуш берүү участкасына жазылууга мүмкүнчүлүк алган.
Шайлоо 33 шаарда, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларында жана 231 айылдык кеңештерде өтүүдө. Жалпы 33 шаардык кеңештеги миңдей мандат үчүн 5 миңдей талапкер ат салышууда.
Автор: Осмонова Айдана > 791 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat