БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Издөөгө алынган Имамидин Ташов айыптоолорду четке какты

Издөөгө алынган Имамидин Ташов айыптоолорду четке какты

Видеодон скриншот

Издөөгө алынган "KG Групп" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов айыптоолорду четке какты. Ал Тилекмат Куренов болгон баарлашуусу кыркылып, бурмаланганын айтат. Ташов өзүнүн дайынсыз болуп жатканын күч органдарынын аңдып жатканы менен түшүндүрдү.

"3-4 күндөн бери байма-бай мага жана менин компанияма каралоолор, куру дооматтар тагылып жатат. Ушулар боюнча токтоло кетсем. Биринчиден, менден талап кылынган 100 миллион сом бул чындык. Күн келет бул чындык дагы чыгат. Эгерде бул нерсе жалган болсо мени түрмөдөн чыгармак эмес. Экинчиден, Тилекмат Куренов менен болгон баарлашуну кырккылап, кескилеп отуруп революция деңгээлине чейин чыгарганга үлгүрүштү. Өзүңүздөргө маалым болгондой азыр 21-кылым технологиянын заманы. Анда сүйлөбөгөн адамды сүйлөтүп, күлбөгөн адамды күлдүртүп, кала берсе өлгөн адамды тирилтип койгонго чейин да жетишип калдык. Куренов менен сүйлөшкөнүм чын. Мен түрмөдө отурганда ал менен акыбал сурашканча баарлашып, "сиз да желек желбиреттиңиз эле, бир Кыргызстандын бир канча облусуна туу сайдыңыз эле, сиз да өз позицияңызды билдирсеңиз" деген баарлашуу бул чындык", -деген Ташов.

Имамидин Ташов «Бийликти күч менен басып алууга» шектелип жатат. Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин 10-январдагы жыйынында ишкердин "УКМКнын кызматкерлери 100 млн сом талап кылды" деген сөзүн төгүндөгөн. Мындан тышкары аны кайсы өлкөдө болбосун сөзсүз кармап, мамлекетке төңкөрүш уюшутуурга даярданганы үчүн жоопко тартаарын маалымдаган.

Ишкердин биринчи кайрылуусу 9-январда социалдык тармактарда тараган. Анда Имамидин Ташов УКМКнын кызматкерлери аны уурдап кеткенин, сегиз күн белгисиз жерде кармап олтурушуп 52 млн сомдон сырткары 100 миллион сом талап кылганын айткан. Ал бул окуялар 2023-жылдын 27-декабрында болгонун, буга желек жөнүндө айткан каршы пикири негиз болгонун кошумчалаган. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей