БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

11 журналист боюнча чечим 10-октябрда чыгат

11 журналист боюнча чечим 10-октябрда чыгат

Сүрөт: "Т-Медиа"

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен шектелип кармалган журналисттерге акыркы сөз берилип, чечим чыгаруу 10-октябрга калтырылды. Бүгүн, 3-октябрдагы отурумда тогуз журналист акыркы сөз сүйлөдү. 

Журналисттер Тыныстан Асыпбек менен Сапарбек Акунбеков кийинкиге калтырылды. Ошондой эле ачык соттук отурумду чагылдырууга келген жыйырмадан ашык журналист “сот залында орун жок” деген негизде отурумга киргизилген жок.

26-сентябрдагы соттук отурумда прокурорлор менен адвокаттардын жана айыпталуучулардын жарыш сөзү болуп бүткөн. Анда мамлекеттик айыптоочулар шектүүлөрдүн ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү жана эркиндикте жүргөн журналисттерди сот залынан камакка алууну сураган.

Журналисттер эч кимди массалык башаламандыкка үндөбөгөнүн, аларды кармоо учурунда укуктары бузулганын, алар болгону  кесиптик ишмердиги менен алектенип келишкенин айтышкан. Ал эми айыпталуучулардын адвокаттары журналисттерге коюлуп жаткан айыптар тергөөдө жана сотто аныкталбаганын, кылмыш ишин козгоого негиз болгон материалдарга жасалган экспертизалардын корутундулары туура эмес экенин маалымдаган. 

Журналисттердин иши буга чейин Биринчи май райондук сотуна берилген. Бирок 10-майда ишти Ленин райондук сотуна жиберүү тууралуу токтом чыккан

Ушу тапта "Temirov Live"жана "Айт, айт десе" долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана “Temirov Live” редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камактк отурат. 

Журналисттердин жапырт кармалышы

2024-жылдын 16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Темиров LIVE" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту кармалган 11 журналистти 13-мартка чейин камакка алган.

ИИМ  аларга "Массалык башаламандыктар" беренесинин үчүнчү бөлүгү "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" менен иш козголгонун билдирген.

Кийин "Темиров LIVE" редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына чыкса, медианын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев эч кайда чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулган. Ошондой эле долбоордун кызматкери Сапарбек Акунбеков жана мурдагы кызматкер Жумабек Турдалиев да тил кат менен чыккан. Ал эми 9-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту  журналисттер Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу жана Сайпидин Султаналиевди үй камагына чыгарган.

Автор: Максат Боромбаев

Автор: Осмонова Айдана > 648 статей