БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген эки жаран камакка алынды

13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген эки жаран камакка алынды

Интернеттен алынды

Соклукта 13 жаштагы кызды зордуктоого шек саналып кармалган эки жаран 48 саатка камакка алынганын кыздын жакындары билдиришти. Алардын айтымында, кызды зордуктап келгендердин саны 10го жетти. Алардын кээ бири учурда Орусияда иштеп жүрсө, айрымдары маалымат коомчулукка чыккандан кийин качып кеткен.

 

2о-мартта Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Чүйдүн Сокулук районунда бир жылдай убакыттан бери тогуз эркек тарабынан зордукталып жүргөн 13 жаштагы кыздын укуктарын коргоону камсыз кылуу үчүн Башкы прокурордон, ИИМдин жетекчилигинен тез арада чара көрүүнү талап кылган.

Ага чейин  кыздын ата-энеси Акыйкатчынын жеке кабылдамасында болуп, кызынын укугун коргоп берүүнү өтүнүшкөн. Алар укук коргоо органдары күнөөлүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн чара көрбөй жатышканын айтып арызданышкан.

 Айыкатчы  зордукчулдар кыздын үй-бүлөсүн да коркутуп келгенин, секелек кыз бул убакытта үч жолу өз жанын кыюууга аракет кылганын, учурда ооруканада экенин айткан.

Акыйкатчынын тапшырмасы менен кыздын ата-энесине акысыз жактоочу берилип, кызга жана анын үй-бүлөсүнө психологиялык жардам көрсөтүү чаралары көрүлүүдө.

Кыздын жакындарынын айтымында, буга чейин кордук көрсөтүп келген жарандардын жакындары  тарабынан  окуя жарыялангандан кийин телефон чалуулар, ар кандай сунуштар болуп жатат.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей