БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

2% менен насыя алса болобу? Күмөндүү аккаунттарды текшеребиз

2% менен насыя алса болобу? Күмөндүү аккаунттарды текшеребиз

Сүрөт интернеттен алынды

2-3% үстөк менен насыя алгыңыз келеби? Мындай сунуштар социалдык тармакта көбөйгөндөн көбөйүп барат. Сиз аларга алданып калып жаткан жоксузбу?

Бүгүн эмнеге насыя сунуштаган баракчалар күмөндүү экенин айтып беребиз. Биз андай баракчалардын бир нечесин чогулттук. Алар Timberland Édja , Gloria Gloria, Казенбаева Анар аккаунттары.

Биринде Кыргызстандын желегинин сүрөтү коюлган, дагы бири казак жаранынын атынан ачылган. Биринчи күмөндүү учур - бул үч аккаунттун барында көрсөтүлгөн номерлер +229 коду менен башталат.

Бул Бенин өлкөсүнө тиешелүү код. Бирок баракчадагы посттордун биринде насыяны Бельгиядан ING Bank сунуштап жатканын жазып коюшкан.  

Экинчиден, казакча ысым менен ачылган аккаунтка башка эле жарандын сүрөтү колдонулган. Казенбаева Анар деп көрсөтүлгөн аккаунттагы сүрөт Руслан Ергалиев аттуу жаранга таандык. 

Үчүнчү күмөндүү учур - постто насыя алгандар катары колдонулган сүрөт Монголияда кассалык чек чогулткандарга уюштурулган оюндун жеңүүчүлөрүнүн сүрөтү. Аны лотереянын жыйынтыгына нааразы болгондор жарыялаган. 

Монголияда мындай лотерея өтүп жатканын жергиликтүү сайттар жазган. Башка жеңүүчүлөрдүн сүрөтүндөгү сертификаттарды да салыштырсаңыз болот. 

Башкача айтканда бул интернет шылуундуктун эле бири түрү. Бениндеги онлайн шылуундар тууралуу жергиликтүү басылмаларда маалымат тапсаңыз болот. 2017-жылы Эстонияда да ушундай эле Бенинден насыя сушунтагандарга алдангандар тууралуу жазышкан

Жыйынтык: онлайн шылуундук. Социалдык тармакта 2-3% менен насыя сунуштагандардын номери Бенинде катталган. Баракчаларында башка жарандардын сүрөтү бурмаланып колдонулган. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 110 статей