БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сокулукта 2 млн сомду уурдоого шектелгендер кармалды

Сокулукта 2 млн сомду  уурдоого шектелгендер кармалды

Сүрөт: Интернеттен алынды

Сокулук районундагы "Б-Д" Агро-маркетинин кеңсенинен 2 млн сомдон ашуун акчасы бар сейфти уурдоого шектелгендер Оштон кармалды. Бул тууралуу 2-майда Ички иштер министрлиги маалымат таратты.

"27-апрелде М.Д. аттуу жаран Сокулук райондук милициясына кайрылып, ошол эле күнү таңкы саат 04:00 чамасында Фрунзе айылындагы "Б-Д" Агро-маркетинин кеңсенине мыйзамсыз кирип, темир сейфти уурдап кеткен белгисиз жарандарга чара көрүп берүүнү суранган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү катары 38 жана 45 жаштагы жарандар кармалды", -деп айтылат билдирүүдө.

Облустук милициясы кармалгандардын бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын каттоосунда бар экендигин кошумчалайт. Ал 2023-жылдын июль айында Токмок шаарындагы ишканалардын биринен 60 миң доллар жана 1,5 млн сом акча уурдоого тиешеси бар экендиги аныкталып издөөдө жүргөн. Учурда милиция тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей