БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

2 облуста аттракциондордун коопсуздугу текшерилди

2 облуста аттракциондордун коопсуздугу текшерилди

Сүрөт: ӨКМ

Ысык-Көл жана Нарын облустарында ӨКМ кызматкерлери жайкы аттракциондордо коопсуздук эрежелери кандай сакталып жатканын текшеришти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, куткаруучулар өрт коопсуздугунун алдын алуу, өзгөчө кырдаалдарды болтурбоону балдарга түшүндүргөн.

"Иш-чарада жалпысынан 30 кишиге өрт коопсуздук эрежелери, талаптары түшүндүрүлүп, өрт өчүрүүчү шаймандарын колдонууну үйрөнүштү. Туристтик мезгилге карата өрт коопсуздугун сактоого даярдык көрүү, кырсыктарды болтурбоо үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча парктардын жетекчилерине эскертүүлөр берилди."

Ал эми Ош шаарында аттракциондордун коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлө элек. Бул тууралуу ӨКМдин Ош облустук башкармалыгы билдирди. Аталган кызмат 3-июндан баштап өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу багытында иштерди улантышарын кошумчалады.  

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей