БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Украинага согушка жиберебиз дешүүдө". Орусияда кармалган кыргызстандыктын апасы бийликтен жардам сурады

"Украинага согушка жиберебиз дешүүдө". Орусияда кармалган кыргызстандыктын апасы бийликтен жардам сурады

Сүрөттө Нурмухаммед Токобаев

Ош шаарынын 20 жаштагы тургуну Нурмухаммед Токобаев баңгизат ташууга шектелип 1-апрелде Москва шаарында кармалды. Бул тууралуу анын ата-энеси 3-апрелде өткөн маалымат жыйында билдирди. Алар президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевден жардам сурап, кайрылуу жолдошту.

Токобаев 2023-жылдын ноябрь айында Орусиянын Москва шаарына кетип, курулуш тармагында иштеп баштаган. Үстүбүздөгү жылдын март айынан тартып жүк жеткирип берүү кызматына өткөн. Ата-энеси уулу менен акыркы жолу 31-мартта байланышкан. Андан бери телефону өчүк болуп байланыш үзүлгөнүн апасы Гүлсанам Зулпукарова билдирди.  

"Биринен кийин телефону өчүк болуп калды. Чалсак такыр албайт. 2-апрелде түнкү саат ондордо адвокатынын номери менен чалды. Ыйлап алыптыр. Эки ооз сөз гана сүйлөдү. "Мен ушинтип кармалып калдым" деди. "Ушундай кылдыңбы?" десек, "Кечирип коюңуздар. Жок, мен кылган жокмун. Иштегениме аз эле болду. Билген дагы жокмун" деп ыйлады". 

Нурмухаммеддин ата-энеси баласын "Украинадагы согушка жөнөтүп жибербейби?" деп кооптонуп жатышат. Анткени уулу аларга Орусиянын укук коргоо органдары ага "15 жылга соттолосуң же согушка барасың" деген талапты коюп жатканын айткан. Ата-эне уулуна жалган жалаа менен күнөөнү моюнга алганга мажбурлашкан деп шек саноодо. Ага Орусиянын мамлекеттик жактоочусун беришкен. 

"Уулум "Эки ай жатасың. Андан кийин Украинага кетесиң" дегенде колунан телефонду алып койду. Балким уруп-согуп моюнуна алдырып койгондур. Жактоочусу "Бардыгын моюнга алды деген видеосу бар" деп жатат. Ал "сот болот, андан кийин алты айга Украинага кетет. Аман калса калат, калбаса жок" деп айтыптыр. Ушуну айткыча эле телефонду колунан алып койду", -деди апасы.

Мындан улам Нурмухаммеддин ата-энеси президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоп, жардам беришин суранышкан. 

 

ТИМ эмне дейт? 

Нурмухаммед Токобаевдин кармалышы боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты. Мекеме Москвадагы элчиликке Орусиянын укук коргоо органдарынан Нурмухаммеддин кармалышы тууралуу билдирүү келбегендигин билдирди. Элчилик учурда кыргыз жаранынын кармалышынын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү иштери жүргүзүлүп жатканын, Нурмухаммеддин жактоочусу менен байланышканын да кабарлады. 

Токобаев 2003-жылы туулган. Ал Кыргызстанга 15-апрелде келүүнү пландап жүргөн. 

Автор: Боромбаев Максат > 97 статей