БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Былтыр "Коопсуз шаар" долбоорунан 392,4 млн сом айып пул чогулган

Былтыр "Коопсуз шаар" долбоорунан 392,4 млн сом айып пул чогулган

Сүрөт интернеттен алынды

2023- жылы "Коопсуз шаар" долбооруна төгүлгөн айып пулдардан мамлекеттин казынасына 392 млн 403 миң сом түшкөн. Бул тууралуу "Азаттык"  Финансы министрлигинин мамлекеттик бюджеттин 2023-жылдын январь-ноябрь айларындагы аткарылышы тууралуу берген маалыматына таянып жазды. 

Маалыматка караганда, аталган долбоорго төлөнгөн айып пулдардын тууму, финансылык санкциялардын суммасы 98 млн 299 миң сомго жеткен.

2019-жылы Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн "Коопсуз шаар" долбоору иштей баштаган. Ага ылайык Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларга, Бишкек-Торугарт, Бишкек-Ош автожолдорунун боюна камералар орнотулган. Бул долбоорду орусиялык "Вега" концерни ишке ашырган.

"Коопсуз шаар-2" долбоорун уткан Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd кытайлык компаниясы жети облус, эки чоң шаар, 15 кичи шаар жана 73 калк жашаган аймакка видео көзөмөл коюп, жалпысынан 306 аппарат орнотушу керек болчу. Бирок компания милдетин аткара албагандыктан былтыр Санариптик өнүктүрүү министрлиги сотко берген.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей