БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жаңы жылдан тарта ишкердиктин 12 түрү боюнча патент жоюлат. Алар кайсылар?

Жаңы жылдан тарта ишкердиктин 12 түрү боюнча патент жоюлат. Алар кайсылар?

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда 2024-жылдын 1-январынан тарта патенттин негизинде соода жүргүзүү токтотуларын Салык кызматы бир канча убакыттан бери кабарлап келет. Эми соодагерлер жалпы же бирдиктүү салык режимин тандашы керек. Өлкөдө патент менен ишкердик кылгандардын 69 түрү бар. Жаңы-жылдан баштап алардын 12си жоюлганы турат. Алар кайсы тармактар?

 

Эми бул ишкерлер салыктын жалпы салык режимине же бирдиктүү салыкка өтүшү керек. 

Бирдиктүү салык - салыктын жеңилдетилген системасы болуп саналат. Эгер, жылдык киреше 8 миллион сомго жетпесе, ишкерлер салыктан толук бошотулат. Ал эми жылына 30 миллион сомго чейин жүгүртсө 0,5% менен салык төлөшөт. 30 миллион сомдон 50 миллион сомго чейинки каражатты айлантса 1% менен төлөйт. Бул үчүн ККМ аппаратын коюп, камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөгө жана дагы башка да милдеттемелер бар. Бирок буга соодагерлер нааразычылыгын билдирип келишет.

Буга чейин патент жоюларын уккан Нарындагы жүзгө жакын соодагер бийликке нааразычылыгын айтып чыгышкан. Алар патент менен иштөөгө уруксат берүүнү суранышып, электрондук эсеп-фактура киргизүүгө, ККМ-аппараттарын коюга  нааразы болушкан эле. Министрлер кабинетине да атайын кайрылуу жолдошкон.

Салыктын жалпы же бирдиктүү режимине өтүү үчүн жылдын аягына чейин ишкерлер катталган аймагындагы салык органдарына арыз менен кайрылуусу керек. Эгер, ушул багытта суроолор болсо 116 кыска номерине байланышып, маалымат алууга болот. 

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей