БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"2030-жылга чейин ири суммадагы карыздар төлөнөт". Курултайда президент дагы эмнелерди айтты?

"2030-жылга чейин ири суммадагы карыздар төлөнөт". Курултайда президент дагы эмнелерди айтты?

Сүрөт: "Кабар"

Бишкекте экинчи Элдик курултайдын биринчи күнү жыйынтыкталды. Иш-чара 16-декабрда да уланат. Курултайда президент Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөш, экономикалык жетишкендиктер, аялдарга карата зомбулук, сөз эркиндиги жана адам укуктары тууралуу сөз сүйлөдү.

 

"Салыксыз биздин бейпилдигибизди камсыздаган күчтүү армия болбойт"

Өлкө башчы курултайдын алкагында кыргызстандыктарды салыктарды "мажбурлоо катары эмес, өлкөнүн өнүгүшүнө маанилүү салым катары" кароого чакырды. Анда көмүскө экономиканын бөлүгүн ачыктоо менен пенсияларды, жөлөкпулдарды, эмгек акыларды масштабдуу жогорулатууга, көптөгөн социалдык объекттерди курууга жана жүздөгөн километр жаңы жолдорду салууга жетишкенин белгилеген.

"Салыксыз биздин бейпилдигибизди камсыздаган күчтүү армия болбойт, жарандардын социалдык бакубаттуулугу жогорулабайт, сапаттуу медицина жана татыктуу билим да болбойт. Ошондуктан, салыктарды милдеттенме жана мажбурлоо катары эмес, өлкөнүн өнүгүшүнө болгон маанилүү салым катары карайлы. Башка сөз менен айтканда, салык эмес – салым катары кабыл алалы".

Адам укуктары жана сөз эркиндиги тууралуу

Мамлекет башчы аялдарга жана балдарга карата зомбулук маселесине токтолуп, өлкөдө агрессияга жана ырайымсыздыкка эч кандай актоо жок экендигин айтты. 

"Бул чектен чыккан көрүнүш, кабыл алынгыс жагдай. Ар бир адамдын кадыр-баркы мыйзам же мамлекет тарабынан эле эмес, бардык башка жарандар тарабынан да корголушу кажет. Эзелтен эле энени, аялзатын урматтоо кыргыз элинин өзгөчөлүгү, маданий жана социалдык нормаларынын маанилүү бөлүгү болуп келген, мындан ары дагы болуп калышы керек. Адилет коомду куруу ар бирибиздин максатыбыз болушу зарыл. Коомдо оройлукка орун болбошу керек, айрыкча, эже-карындаштарыбызды коргоонун, урматтоонун, ар бир наристеге кам көрүүнүн, улуу муунга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгилеп кетейин. Өлкөбүздө агрессияга жана ырайымсыздыкка эч кандай актоо жок жана болушу да мүмкүн эмес! Аларды жектөө гана болот». 

Ошондой эле мамлекет башчы Кыргызстанда сөз эркиндиги жана адам укугу бар экенин айтып, ал мындан ары да сактала турганын белгиледи.

"Бизде сөз эркиндиги менен адам укугу бар. Ал мындан ары да сакталат. Ким оорчунду маселе көтөргүсү келсе же ачык сөз айткысы келсе ачык айтыңыздар. Бир гана сураныч, такталбаган жалган маалыматтарды айтып, кимдир бирөөлөрдүн аброюна шек келтирип, каралап шектегенден алыс болсоңуздар".

Коррупция жана уюшкан кылмыштуу топтор тууралуу

Жапаров курултайда коррупциянын айынын өлкө 30 жылдан бери өнүкпөй, белгилүү адамдар гана байыганын айтты. Ошондой эле коррупцияга каршы иш-чаралар катуу жүрүп жаткандыгын, андан миллиарддаган каражаттар мамлекеттик казынага кайтарылганын белгилеген. Мындан сырткары ал уюшкан кылмыштуу топторго каршы жүргүзүлүп жаткан күрөш "жигердүү" болуп атканын белгиледи.

"Коррупция – бул биздин элдин гана эмес, бардык мамлекеттердин балээси. Коррупциянын айынан мамлекетибиз дээрлик 30 жылдан бери өнүкпөй, белгилүү бир адамдар гана байып, карапайым эл көр тирлиги менен эле күн өткөрүп калган. Азыркы учурда коррупцияга каршы иш-чаралар катуу жүрүүдө. Миллиарддаган акчалар мамлекеттик казынага кайтарылып жатат. Бул жаатта күч органдары, анын ичинде УКМК өзүнүн жумушун жогорку деңгээлде аткарып жатканын баса белгилейм. Атайын кызматтын иштерин жамы журтубуз да колдоп-коштоп жатышат".  

"2030-жылга чейин ири суммадагы карыздар төлөнөт"

Өлкөнүн ички дүң продукциянын көлөмү 1 триллион сомго жеткенин президент Садыр Жапаров билдирди. Мамлекет башчы казынанын каражаттары өсүү темпи менен баратканын кошумчалаган. Анын айтымына караганда, 2023-жылы – 344 млн доллар, 2024-жылы – 400 млн доллар, ал эми 2025-жылы – 430 млн доллар карыз төлөнөт. 

"Азык-түлүк коопсуздугун камсыздаган институт түзүлөт"

Президент Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча атайын Изилдөө институту түзүлөрүн маалымдады. Институт учурдагы азык-түлүктүн абалын, өндүрүштү, керектөөнү, резервдерди, тамак-аш азыктарынын жеткиликтүүлүгүн изилдеп-талдоо менен алектенет. 

15-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда экинчи Элдик курултай болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстан боюнча шайланган 700 делегаттын 695и катышып жатат. Анын ичинен 551и эркек, калганы аялдар. 640 киши Кыргызстандын аймактарынан, 30 адам этностук өкүлчүлүктөрдөн, 30 делегат чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан шайланышты. 

Биринчи элдик курултай былтыр ноябрда өткөн. Анда төрт миңден ашуун сунуш түшкөн, эми анын кандай аткарылганы жөнүндө бийлик бутактарынын отчету угулат.

«Элдик курултай жөнүндө»  конституциялык мыйзам 2023-жылдын 24-июлда кабыл алынган. Мыйзамдын талабына ылайык, 700 делегаттын ичинен курамын 17 адамдан турган Улуттук кеңеш түзүлүүгө тийиш, анын ичинен ар бир облуска бирден өкүл шайланат. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей